Газдарды суюктукка айландыруу
Газдарды суюктукка айландыруу — газ түрүндөгү заттарды суюк абалга өткөрүү процесси.
Бардык газдар белгилүү кризис темпрасына ээ, андан жог. темп-рада газ эч кандай жол менен суюктукка айланбайт. Хлор, аммиак, көмүр кычкыл газдар төмөнкү температурада 1-жолу 1823-ж. суюктукка айландырылган. Бирок, кээ бир газдар ошол кезде алынган эң төмөнкү темп-рага чейин муздатылып, бир нече миндеген атмралык басым менен кысса да суюк абалга өткөн эмес. Себеби, бул газдардын кризис темп-расы эн төмөн болгон. Азыркы кезде эң төмөнкү температуpa Джоуль-Томсон эффектисинин, адиабаталык кеңейүү кубулуштарынын негизинде алынат. Компрессор менен бир нече ондогон атмосферага кысылган газ суу менен муздатылып, детандер деп аталуучу поршендүү камерада кенейтилет. Газ адиабаталык кеңейүү кезинде жанa поршенди кыймылга келтирүү үчүп ички энергиясын сарп кылып, абдан муздайт да, суюктукка айланат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.