Галий Түгөлбаев

Википедия дан

Түгөлбаев Галий (1908, Казакстан, Темирчин болушу, Каракарлы айылы — 1985, Бишкек ш.) — партиялык жана мамлекеттик ишмер. 1937-жылдан КПССтин мүчөсү.

1923—28-ж. балдар үйүндө Оренбургдагы тажрыйба көрсөткүч-коммуна мектебинде окуган.
1957-ж. КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти сырттан окуп бүтүргөн.
1930—37-ж. Республиканын профсоюз комитетинде жетектөөчү кызматтарда.
1937-38-ж. эл чарбасын эсептөө башкармасынын начальнигине жардамчы, 1938-40-ж. «Башкы дан» трестинин директоруна орун басар, 1940-ж. Кыргызстан компартиясынын БКсынын өнөр жай бөлүмүндө инструктор, Кыргызстан компартиясынын Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинде өнөр жай боюнча катчы, 1942—46-ж. Ысык-Көл облустук эмгекчилер депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинде төрага.
1946-жылдан кайрадан БКнын аппаратында: Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана соода боюнча катчысына орун басар, транспорт, соода-пландоо-финансы бөлүмдөрүнүн башчысы.
1953—59-ж. Кыргыз өнөр жай совет башкармасынын (1955—56-ж. жеңил өнөр жай министри) төрагасы, 1959—63-ж. Кыргыз ССР жергиликтүү өнөр жай министринин 1-орун басары, материалдык-техникалык жактан жабдуу начальниги, 1963—64-ж. Кыргыз эл чарба советинин «Тамак-аш-татымал» фабрикасынын директору.
1964-жылдан пенсияга чыгып, жетектөөчү кызматтарда иштеген.
1955—59-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаты.
Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.