Гелиометр

Википедия дан

Гелиометр (гелио... жанa метр) — асман сферасында анчалык чон эмес (1° ка чейинки) бурчту өлчөөгө ылайыкталган астрономиялык аспап.

Гелиометр идеясын 1675-ж. даниялык астроном О. Ремер айткан. Аны 1753-ж. англ, оптик Ж. Доллонд конструкциялаган.

Гелиометр 1-жолу Күндүн диаметрин өлчөө үчүн колдонулган. Ал Айдын, планеталардын туурасын өлчөөдө, кош жылдыздарды жанa жылдыздар параллакстарын аныктоодо колдонулат. Гелиометр объективи диаметри боюнча кесилген рефракторду элестетет. Объективинин жартысы микрометрдик бураманын жардамы менен кесилишти бойлоп жылат. Мунун натыйжасында асман объектисинин сүрөттөлүшү объективдин фокус тегиздигинде экиге ажырап, эки сүрөттөлүш бири бирине карата кошулат. Өлчөөнүн тактыгы жаалык секунданын ондогон үлүшүнө барабар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.