Геморрагиялык диатездер

Википедия дан

Геморрагиялык диатездер — кандын көп агуусу менен мүнөздөлгөн оорулардын тобу.

Геморрагиялык диатездер кан уюу жараянын бузулушунан, башкача айтканда канда тромбоциттердин жетишсиздигинен, канды уютуучу айрым факторлордун кемчилдигинен (гемофилия), кан тамырлардын капталынын жабыркашынан пайда болот. Мында териге, муундарга кан куюлат. Мурундан, бүйлөдөн, жатындан, бөйрөктөн кан агат. Тишти жулгандан кийин, бир аз кесилген жерден кан көпкө токтобойт. Анын тукум куума жана кийин пайда болгон түрү бар.

Кийин пайда болгон геморрагиялык диатездер көбүнчө кан пайда кылуучу органдардын бузулушунан болот. Кээде кандын уюшун начарлатуучу дарыларды ичүү да ага түрткү берет. Антикоагулянттардан тышкары температураны төмөндөтүүчү, ооруну басаңдатуучу (мисалы: аспирин) кээ бир дарылар кандын уюшун азайтат. Ошондой эле организмде витаминдердин (аскорбин кычкылдыгы жана рутин) жетишсиздигинен да болушу мүмкүн.

Ымыркай баланын геморрагиялык оорусу протромбин же конвертин затынын тубаса жетишсиздигинен болот. Мында ымыркайдын киндигинен, терисинен, былжыр челдеринен кан агат, мээсине кан куюлат. Муунунан кан агуунун натыйжасында балдардын мууну шишип, майрыйып бузулат (гемартроз). Кээ бир түрлөрүндө баланын ичин катуу оорутуп кустурат.

Капысынан кан көп аккан учурда врачка кайрылуу же медициналык тез жардамды чакыруу зарыл. Врач келгенче (мурдунан кан кеткенде) оорулуунун башын өйдөрөөк жөлөп, тынч жаткырып, мурундун үстүнө муздак коюу. 3%түү суутек өтө кычкылына малынган кебез же даки томпонду мурундун таноолоруна киргизүү сунуш кылынат. Эгер оорулуу антикоагулянттар менен дарыланып жаткан болсо, аны токтотуу зарыл. Дарылоо кандын курамындагы жетишпеген факторлорду таап, оорунун себебин аныктагандан кийин жүргүзүлөт.

Витамин жетишсиздигинен болгон кан агуунун алдын алуу үчүн аскорбин кычкылдыгы менен рутинге бай азык заттар менен тамактануу, аларды туура даярдоо керек. Аскорбин кычкылдыгы картошкада, алмада, кара карагатта, ит мурунда, көк пиязда, козу кулакта, салатта көп болот. Рутин кара күрүч акшагында, цитрус өсүмдүктөрүндө болот.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8