Геологиялык топ

Википедия дан

Геологиялык топ — бир геологиялык замандын ичинде пайда болгон тоо тек катмарларын бириктирүүчү жалпы стратиграфиялык шкаланын ири бирдиги.

Геологиялык топ геологиялык системаларга бөлүнүп, бир нече Геологиялык топ эонотеманы түзөт. Ар бир Геологиялык топ тоо тек катмарлары жанa аларда сакталган байыркы организм калдыктарынын бөтөнчөлүжтөрү менен мүнөздөлуп, Жердин өнүгүшүнүн белгилүү этабын көрсөтөт. Геологиялык топ геол. замандардын (архей, протерозой, палеозой, мезозой, кайнозой) аттары менен аталат. Термин 1881-ж. Эл аралык геологиялык конгресстин 2-сессиясында кабыл алынган. Чет өлкөлөрдө Геологиялык топ кээде эратема деп аталат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.