Мезозой заманы
Мезозой заманы (тобу), мезозой (мезо... ж-a гр. zoe — тиричилик) — стратиграфиялык шкаланын палеозой менен кайнозой аралыгындагы системалардын тобу жанa Жердин геологиялык тарыхындагы ага туура келген заман. Мезозой тобунун узактыгы 163 млн жыл. Терминди англиялык, геолог Ж. Филлип киргизген (1841).
Мезозой тобу триас, юра, бор системаларына бөлүнөт. Океан ойдуңдарынын көпчүлүгү (мурун пайда болгон Тынч океандан башкасыныкы), азыркы кездеги материктердин контурлары Мезозой тобунда негизделген. Өсүмдуктөрдөн негизинен папоротниктер, жылаңач уруктуулар, жаныбарлардан рептилий, ал эми аягында жабык уруктуулар жана омурткалуу сүт эмүүчүлөр, канаттуулар пайда болгон. Мезозой тобунун чөкмө тектеринде күрөң жана таш көмүр (мурунку СССРдин азиялык бөлүгү, Кытай, АКШ), нефть жана газ (Кыргызстанда Майлы-Сай, Майлы-Суу, Кочкор-Ата), чөкмө темир кендери (мурунку СССР, Франция), боксит, таш туз кендери бар. Тынч океан бүктөлүү аймактарындагы интрузия тектеринде алтын (Аляска, Калифорния, Жог. Яна), кумүш, жез, коргошун, цинк, калай рудалары пайда болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7