Георгий Жуков

Википедия дан
Георгий Жуков

Жуков Георгий Константинович – (10. 11(1. 12). 1896, РФ, Калуга облусу, Угодск-Завод (азыркы Жуков) району Стрелковка айылы 18. 6. 1974, Москва) Советтик Союздун Маршалы (1943), 4 жолку Советтик Союздун Баатыры (1939,1944, 1945, 1956). МЭРдин Баатыры (1969). Биринчи дүйнөлүк согуштун катытуучусу. Аскер курстарын бүтүргөн (1920, 1925). 1939-жылы япон аскерлерин Халхин-Гол дарыясында (Моңголия) талкалоого жетекчилик кылган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Резервдик Ленинград, Батыш, 1-Украин жана 1-Белорус фронтторунун аскерлерине командачылык кылган. 1940-жылдан Киев өзгөчө аскер округунун командачысы, 1941-жылдын январынан СССР коргоо эл комиссарынын орун басары Генштабдын начальниги, 1941-жылдын июнунан армиянын генералы, 1942-жылдын августунан СССР коргоо эл комиссарынын биринчи орун басары жана Жогорку Башкы командачынын орун басары. Немис аскерлерин Сталинграддын жанында талкалоодо (1943), Ленинград блокадасын бузуп өтүүдө (1943-1944), душманды Курск салгылашында кыйратууда (1943) фронт аракеттерин жөнгө салып турган. Оң жээк Украинаны бошотуу операциясынын жетекчиси. 1944-1945-жылы 1-Белорус фронтунун аскерлерине командачылык кылып, 1-Украин жана 2-Белорус фронтторунун аскерлери менен бирге Висла-Одер операциясын жүзөгө ашырган, германиялык аскерлердин Берлин тобун талкалаган жана Берлинди алууга катышкан. 1945-жылы 8 майда Карлсхорстто (Берлин) жеңилген фашисттик Германиянын кыңк этпей баш ийишин кабыл алган. 1945-1946-жылы советтик аскерлердин Германиядагы тобунун башкы командачысы жана советтик аскердик администрациянын башчысы, 1946-1953-жылы Одесса жана Урал аскер округдарынын командачысы, 1953-1955-жылы СССР коргоо министринин 1-орун басары, 1955-1957-жылы СССР Коргоо министри болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин (1-4-шайл.) депутаты. 6 Ленин, Октябрь Революциясы, 2 «Жеңиш», 3 Кызыл Туу, 1-2-даражадагы Суворов ордендери, чет өлкөлүк 20 орденжанамедалдар менен сыйланган. Калуга облусундагы Угодск Завод району жана анын борбору, Аба чабуулунан коргонуунун командалык аскер академиясы, Москва, Ленинград, Киев, Краснодон шаарындагы бирден көчө Жуковдун ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]