Геофизикалык аномалия
Геофизикалык аномалия — жер кыртышындагы түрдүү физ. кубулуштардын кадыресе (б. а. теория боюнча чамаланган) өлчөмдөн кескин айырмаланышы.
Геофизикалык аномалияларга гравитациялык, электр-магниттик, магниттик, геотермикалык ж. б. аномалиялар кирет. Аларды аныктоо үчүн геофизикалык чалгындоо методдор колдонулуп, физ. кубулуштун сан мааниси өлчөнөт. Геофизикалык аномалиялар Жердин ички түзүлүшүн, геол. структураларды изилдөөдө, кен издөөдө жана чалгындоодо пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.