Геральдика

Википедия дан
Геральдика.

Геральдика (соңку латынча heraldus – жарчы), герб таануу тарых илиминин көмөкчү тармагы. Жалпы эле гербдерди (өзгөчө тамгалары же белгилери бар тарыхый эстеликтерди) изилдеп, айрымалоочу тарыхый булак. Гербдер пайда болгонго чейин найза, желек, тыйын, медалдардын беттерине ар кандай тотемдик сүрөттөр түшүрүлгөн. Бирок бул сүрөттөр ирээтсиз, баш аламан, ар кандай абалдарда тартылган.

11–12-кылымдардан мындай айырмалоочу белгилердин гербге системалуу түрдө өтүшү европалык рыцарлардын арасында башталат. Буга өзгөчө крест жүрүштөрүнөн кийин чыгыштын таасири тийген. 14-кылымдан тартып Европа өлкөлөрүндө герольдин мекемелери пайда болот. Ал мекемелер геральдиканын авторлорунун укугун каттоочу мамлекеттик органга айланган. Россияда геральдика башынан эле мамлекеттик болуп калыптанган (17-кылым).

Геральдиканын өнүгүшү Петр Iнин ишмердүүлүгү менен байланышкан. 1792-жылы Герольдмейстр кеңсеси уюшулуп, кийин негизги функциясын сенаттын герб бөлүмүнө өткөргөн. 1918-жылы бул бөлүм Ленинграддын тарых архивинин гербдик музеи аталган. Европада 1-жолу Берлинде 1706-жылы Геральдика кафедрасы ачылат. Россияда Геральдика кафедрасы 1726-жылы ачылган. Геральдика археология, нумизматика, сфрагистика, өзгөчө генеалогия сыяктуу тармактар менен тыгыз байланышта өнүгүүдө.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”.
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”.
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]