Гере (эл)

Википедия дан

Ге́ре — африкалык эл. Жалпы саны 700 миң адам. Анын ичинде 520 миң Кот-д'Ивуарда, 180 миң Либерияда.
Гере воби элине тууган.

Тил

Гере (ве) тили Нигер-конго макробүлөсүнүн курамындагы кру уясына кирет.

Дин

Көпчүлүк жергиликтүү салттуу ишенимдерди (жаратылыш күчтөрүнө жана ата-бабаларга сыйынуу) карманышат.
Калгандары — христиандар (католиктер, протестанттар) жана мусулмандар (сүннөттөр).

Чарбалык иштер

Гере элинин салттуу кесиби бул кол менен иштетилген тропикалык жер чарба (күрүч, жүгөрү, ямс, жер жаңгак, таро). Калктын бир бөлүгү кофе плантацияда жалданып иштейт.

Кол өнөрчүлүк

Көркөм кол өнөрчүлүк (таш жана жыгач оюмдары, жыгачтан жасалган айкелдер, туулга-маскалар, тиричилик буюмдары), темир устачылык, карапачылык өнүккөн.

Тамак-аш

Тамак-аштын негизин күрүч боткосу, маниок токочу, кайнатылган, куурулган жана бышырылган жашылчалар, банан түзөт.

Турак жай

Калктуу конуштар компакттуу. Үйлөр тик бурчтуу, чопо платформада. Дубалдары өрүлгөн жана чопо менен капталган. Рафия пальма жалбырактарынан же самандан жасалган бийик төбөлүү чатыры бар.

Коом

Салттуу коомдук түзүлүштүн негизин айылдык жана чоң үй-бүлө жамааттары, патрилинейлик кландар, курак институттар жана жашыруун бирикмелер түзөт. Көп аялдуулук, левират, сорорат, сатылып алынган нике жана инициация ырымдары практикаланат.

Тарых

Элдик уламыштар боюнча алар азыркы аймакка (Ве өлкөсү) 14-15-кылымдарда Батыштан (борбордук Либериядан) көчүп келишкен.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]