Гилея

Википедия дан

Гилея (грекче helуе – токой) – Түштүк Америкадагы, негизинен Амазонка дарыясынын алабындагы нымдуу тропиктик токой. Көп ярустуулугу, түргө, ошондой эле лиана жана эпифиттерге өтө байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Терминди 1820-ж. А. Гумбольдт сунуштаган. Гилеяда баалуу дарак өсүмдүктөрү (мисалы, какао, гевея) көп кездешет. Гилея дайыма ысык жана нымдуу климаттык шартта өскөндүктөн, биологиялык ритмдин сезондуулугу анча байкалбайт. Кеңири мааниде бүт континенттердеги нымдуу тропик токойлору гилея деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]