Гиподинамия

Википедия дан

Гиподинамия (грек. ὑπό — «кемчилдик» жана δύνᾰμις — «күч») алсыздануу — булчуң ишинин жетишсиздигинен булчуңдун жыйрылуу күчүнүн азайышы. Демейде аз кыймылдоодон, жөө баспагандыктан, өндүрүштү автоматташтыруу жана механикалаштыруунун натыйжасында булчуңга аз күч келүүдөн, мектеп жашындагы баланын күн тартибин туура эмес уюштуруу, үйгө берилген тапшырмага көп убакыт кетип, эс алууга, ойноого, спортко аз убакыт калтыруудан келип чыгат. Киши ооруп төшөккө жатып калганда.

Мисалы: катуу кармаган жүрөк инфарктында, бут, омуртка мертингенде аргасыз гиподинамия болот.

Активдүүлүк төмөндөгөндө энергия аз керектелип, анын натыйжасында ткандарга кан аз келет, кычкылтек менен камсыз болуу начарлайт, эң майда кан тамырларда кандын жүрүүсү акырындайт. Мээ, жүрөк жана башка органдарда кычкылтек жетишсиздиги (Гипоксия) байкалып, азыктануусу начарлайт.

Активдүү кыймыл кескин азайганда булчуң эт жукарып (көлөмү жана жыйрылуу күчү төмөндөйт), сөөктүн түзүлүшү да өзгөрөт. Булчуңдун атрофиясында зат алмашуу бузулуп, май ткандары көбөйөт, борбордук нерв системасынын абалы өзгөрүлөт, тез чарчайт, эмоциясы туруксуз болуп, бат таарынчаак, урушчаак боло баштайт.

Жүрөк жана кан тамырлар абдан бузулат, жүрөк булчуңунун жыйрылуу күчү азаят, кан тамырлардын абалы начарлайт, бул атеросклероз менен гипертония оорусуна, мезгилсиз картаюуга алып келет. Мында дем кыстыгып, жүрөк тез-тез согот, кара жумуштан кийин же бир нерсеге кайгырганда жүрөктүн тушу ооруйт. Мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдардын гиподинамиясы айрыкча коркунучтуу. Бул бала организминин өсүшүн кескин түрдө кечеңдетет. Кыймыл-таяныч аппаратынын, жүрөк-кан тамыр, эндокрин жана башка системалардын өөрчүшүнө тескери таасир тийгизет.

Активдүү кыймыл баланын таяныч аппаратынын, борбордук нерв системасынын жана ички органдардын ортосундагы нервдик байланыштын калыптанышында маанилүү роль ойнойт, ошондой эле булчуң жана скелеттин өөрчүшүнө, алмашуу процессине, кан айлануу менен дем алуу, жүрөк кан-тамыр системасына ыңгайлуу шарт түзөт. Мектеп окуучуларынын аз кыймылда болуп, мектепте жана үйдө көпкө отурушунан келбети бузулуп, омуртка тутуму кыйшаят, күч жана акыл эмгегине жөндөмдүүлүгү төмөндөйт.

Ооруп, аргасыз төшөккө жатып калганда болгон гиподинамияда атайын физкультуралык көнүгүүлөр комплекси сунуш кылынат. Гиподинамиянын кесепетин четтетүүдө массаж, таяныч кыймыл аппаратына жана жүрөк-кан тамыр системасына бара-бара күч келтирүүчү атайын көнүгүүлөр, айыктыруу физкультурасы, суу процедуралары, айрым учурда зат алмашууну жана жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыртуучу дарылар, кара жумуш жасоо, жөө жүрүү жана башка сунуш кылынат. Балдардын мектептеги физкультура сабагынан тышкары үйдө да физкультура жасаганы пайдалуу. Бул үчүн балдарга атаэне өздөрү үлгү болуу менен бирге эртең менен зарядка ойноп, лыжа тээп, дем алыш күндөрү жөө жүрүү, балдарга үйгө берилген тапшырманы аткаруу мезгилинде бир аз кыймылдап, көнүгүүлөрдү жасоого үйрөтүү, балдарды кыймылдуу спорт оюндарын ойноого, велосипед, коньки, лыжа тээп, сууда сүзүүгө жана башкаларга кызыктыруу талапка ылайык.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8