Гоби

Википедия дан
Гоби.

Гоби - (монг. говь суусуз - какшыган жер) – Борбордук Азиянын түндүк жана түндүк-чыгышындагы чөлдүү, жарым чөлдүү аймак. Монголия менен Кытайдын аймагында. Түндүгүнөн Моңгол Алтай жана Хангай тоолору, түштүгүнөн Наньшань жана Алтынтаг тоолору менен чектешет. Узундугу 2000 кмдей, туурасы 400 кмге чейин. Аянты 2 млн км2дей. Басымдуу бөлүгү бийиктиги 900–1200 мге жеткен түздүк. Айрым тоо массивдери, токол тоолор, майда дөбөлөр кездешет. Таштуу жана кумдуу чөлдөр, оёңдорго такыр, шор жерлер мүнөздүү. Климаты кескин континенттик; жайкы (45°С) жана кышкы (–40°С) температуранын айырмасы өтө зор. Жылдык жаан-чачыны 70–200 мм. Өсүмдүктөрү сейрек, негизинен бадал жана баялыш, түндүк-чыгышында дан өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарларынан бөкөн, пржевальский жылкысы, жапайы төө жана эшек мекендейт. Калкынын негизги кесипчилиги мал-чарбачылык (төө, кой, жылкы), айрым жерлеринде дыйканчылык. Монголиянын чегинде Чоң Гоби коругу уюшулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]