Гректердин улуттук-боштондук революциясы (1821-29)
Гректердин улуттук-боштондук революциясы (1821-1829), Көз карандысыздык үчүн гректердин согушу — грек элинин түрк үстөмдүгүнөн кутулушун жана өз алдынчалыгын камсыз кылган революция.
Бул революцияны грек патриоттору 1814-ж. Одессада түзгөн «Филики Этерия» деген жашырын коом даярдаган. Коомдун башында орус кызматындагы генерал Ипсиланти турган. 1821-ж. марттын аягында башталган көтөрүлүш алгачкы 3 айда Мореяны (Пелопоннести), континенталдык Грецияны менен Эгей деңизиндеги бир катар аралдарды камтыган.
Грецияда ушундайча башталган революциянын кыймылдаткыч күчү дыйкандар, жетекчиси улуттук буржуазия болгон. 1822-ж. январда Эпидаврга жакын жерде чакырылган Улуттук чогулуш Грецияны көз карандысыз деп жарыялаган, демократиялык мүнөздөгү конституция кабыл алган. Турция аны менен эсептешпей, Грециянын аймагына жапырып кирген. Коомдук пикирдин кысымы, Чыгыш маселесине байланыштуу Грецияда Орусиянын кадырынын артышы, Улуу Британия менен Францияны грек ишине кийлигишүүгө мажбурлаган.
Улуу Британия, Франция жана Орусия өкмөттөрүнүн Лондон конвенциясы (1827-ж. 6-июль) Грециядагы согушту токтотуп, Грецияны автономия деп жарыялоону көздөгөн.
Турциянын конвенциядан баш тартуусунан улам 1828-ж. 20-октябрда Наварин салгылашында англис-француз-орус аскерлери түрк- египет флотун талкалаган. Орус-түрк согушунан (1828—1829) кийин түрк султаны адегенде Грецияны автономия (Адрианополь тынчтык келишими (1829) боюнча), 1830-ж. көз карандысыз мамлекет деп таанууга мажбур болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.