Григорьев, Василий Васильевич

Википедия дан

Григорьев, Василий Васильевич (1816-1881) - орус тарыхчысы, чыгыш изилдөөчү.

Чыгыш элдеринин тарыхы боюнча Россияда эн биринчи лекция окуган.

1867-73-ж. немец окумуштуусу Карл Риттердин «Жер таануу» эмгегин которуп, ага өзүнүн илимий кошумчасын жарыялаган. Ал кошумчасы азыр да өз маанисин жогото элек.

10-13-кылыдын башында Теңир-Тоону жана ага жамаатташ Орто Азиядагы, Чыгыш Түркстандагы «кара хандар», «буура хандар», «элик хандар» аймагын бийлеген династияга карата тарых илиминде «Караханилер мамлекети» деген терминди колдонууну сунуш кылган. Григорьев окумуштуу катары таанылганы менен, акимдик кызматтарда падышачылыктын реакциялык жактаган адам болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. 2003-ж.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]