Даниил Бернулли

Википедия дан

Даниил Бернулли (29. 1. 1700-17. 3. 1782) - Иоганн Бернуллинин уулу. Физиология, медицина, айрыкча математика жана механика илимдери боюнча көп иштеген.

Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү, Базель университетинде физиологиялык (1733) жана механика (1750) боюнча профессор Ал математика боюнча төмөнкү эмгектерди жаратты: алгебр, теңдемелердин кайрылма катардын жардамы менен сандык чыгарылыш методу, кадимки дифференциалдык теңдемелер, ыктымалдык теориясы, астрономия, катарлар теориясы ж. б. Петербургда жазылган "Гидродинамика" аттуу эмгегинде (1738) идеалдык суюктуктардын стационардык кыймылынын негизги теңдемесин чыгарган. Бул гидродинамикада Бернулли теңдемеси деген ат менен белгилүү. Газдар жөнүндөгү кинетикалык теорияны да иштеп чыккан. Бернуллилердин укум-тукумунан (небере, жээндеринен) да математиктер чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.