Дароот-Коргон, Чоң-Алай району
(Дарооткоргон барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
Айыл
Дароот-Коргон
Дараут-Курган
|
Дароот-Коргон (орус. Дараут-Курган) — Ош облусундагы Чоң Алай районунун жана Дароот-Коргон айыл өкмөтүнүн борбору, кыштак. Алай өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө, Кызыл-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2460 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору жана темир жол бекети Ош шаарынан 286 км түштүк-батыш тарапта. Кыштак 1885-жылы негизделген. Калкы 4852 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Эки орто мектеп, бала-бакча, маданият үйү, клуб, райондук жана балдар китепканасы бар. Оорукана, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо иштейт. Кыштактын жанында Кокон хандыгы учурунда курулган (1821) чептин калдыгы сакталган. [1]
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.
Жекенди • Карамык • Кара-Тейит • Шибээ • Чулук | ![]() | |
Кашка-Суу • Ачык-Суу • Кабык • Кара-Кабак • Бурган-Суу | ||
Дароот-Коргон • Жаш-Башы • Жаш-Тилек • Жаман-Жар • Кочкорчу • Кулчу • Кызыл-Туу • Сары-Булак • Чак • Кызыл-Эшме • Кара-Шыбак |