Дегазация

Википедия дан

Дегазация (де... жана газ) – душмандын химиялык чабуулунан ууланган жерди, курал-жаракты, согуш техникасын, кийим-кечекти, азык-түлүктү жана сууну уу заттан тазалоо. Уу атайын эритинди жана эриткичтерди колдонуу менен тазаланат. Жер бетине дегазациялоочу эритиндилер себилип же ууланган кыртыш кырып ташталып, анын бетине таза топурак, кар, жыгач жана башка төшөлөт. Кийим сода кошулган сууда кайнатуу жолу менен тазаланат. Ууланган суу атайын зат аркылуу чыпкаланып, кайнатылат. Тамак-аштын жешке жарамдуулугу химиялык жол менен аныкталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия