Демокит

Википедия дан

Демокит - (биздин заманга чейин. 460–370), байыркы грек философу, антикалык атомизм теориясын негиздөөчү. Демокиткурчап тургандын баарын атом менен боштук гана түзөт деп эсептеп, дүйнөнүн кубулуштарын ушулар аркылуу түшүндүргөн. Атом эч нерседен жаралбаган, жоголбогон, сырткы таасирге баш ийбеген, боштукка карама-каршы, бөлүнбөс түбөлүктү нерсе. Физика, астрономия, этика, медицина, география, математика жана башка илим тармактары боюнча 70тен ашуун эмгек жараткан. Анын эмгектеринен айрым үзүндүлөр гана башка антикалык ойчулдардын айтып калтырганы боюнча бизге чейин келип жеткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1