Демокриттин онтологиясы

Википедия дан
Демокрит

Демокриттин онтологиясы – Демокрит болмуш жана болмуш эмес сыяктуу эки башат жашайт деп белгилеген.

Ал сезимдик тажрыйбага таянуу менен нерселер да (болмуш), мейкиндик да (боштук, болмуш эмес) жашайт деген. Боштук бир нерсени экинчисинен ажыртып турат. Бул болсо элеаттар баса көрсөткөндөй болмуш бирдиктүү эмес, көп түрдүү дегенди түшүндүргөн. Космос нерселер менен боштуктардын биригиши болуп саналат. Болмуш боштук тап-такыр жок болуп кетмейинче бөлүнө берет.

Демокриттин окуусунда боштук нерселерди ажыратуучу жана чектөөчү кызмат аткарат, ошондуктан, боштук курамдык элементтерди (атомдорду) бөлүп туруучу каражат катары татаал нерселердин ичинде жана аларды камтыган көлөм катары нерселердин сыртында жашайт. Боштук нерселерге жана анын элементтерине кыймыл жасоого, орун которуштурууга мүмкүндүк берет. Боштуктун чектелиши “кичинекейлигинен улам көзгө көрүнбөгөн” атомдордун (грек. atomos – бөлүнбөс) жашоосунан кабар берет. Кичинекейлигинен улам атомдор туюмдар аркылуу эмес, акыл менен гана таанылат. Атом, Демокриттин пикири боюнча, физикалык нерсе катары бөлүнбөйт, бирок ал математикалык чоңдук катары бөлүнө алат. Атомдордун саны канчалык чексиз болсо, атомдорду камтып турган мейкиндик болуп эсептелген боштук да чексиз. Атомдорду Демокрит боштукта калкып жүргөн өтө майда бөлүнбөс, бири-биринен формасы, чоңдугу жана абалы боюнча гана айырмаланган бөлүкчөлөр катары элестеткен. Атом бөлүнбөстүк, башкача айтканда, өзгөрбөстүк сыяктуу негизги касиетке ээ.

Демокрит алгачкылардан болуп атомдор тынымсыз кыймылда болуп турат деп көрсөтүү менен, кыймылды материалдык нерселердин жашоо ыкмасы деп атап, кыймылдын үч формасын ачып көрсөтөт. Кыймылдын биринчи формасы броундук кыймылды элестеткен башаламан орун алмашуу менен байланышкан. Кыймылдын кийинки формасы куюндуу агым түрүндө элестетилген. Мында атомдук куюн бир түрдүү атомдордун биригүүсүн жана ар түрдүү атомдордун ажыроосу үчүн шарттарды түзгөн. Натыйжада Демокрит тарабынан окшош нерселердин бири-бирине тартылуу мыйзамы деп аталган атомдордун кыймылындагы мыйзам ченемдүүлүк пайда болгон. Атомдук куюн процессинде дүйнө жаралган, б. а. өз ара кагылышып жана бири-бирине жармашып, атомдор биз күнүмдүк турмушта колдонуп жүргөн нерселер менен буюмдарды пайда кылышат.

Кыймылдын үчүнчү формасы космос предметтеринин бууланышын элестетет. Бул кыймылга жыт кирет. Жаратылыш нерселеринин касиеттери менен шартталышкан, Мисалы: илээшкендик илмектүү атомдор, ал эми агуучулук тоголок атомдор аркылуу түшүндүрүлөт. Демокрит антикалык философияда биринчилерден болуп таанып-билүү процесси тууралуу кеңири түшүнүктөрдү берген да, таануунун сезимдик жана акыл-эстик деп аталган формаларын ажыратып, алардын өз ара айкалышын аныктаган. Таанып-билүү, деп айткан ал, сезимдерден акылга карай жүрөт. Сезимдик таанып-билүү атомдордун өз ара аракеттенишүүсүнүн натыйжасы болуп саналат. Сезимдик образдардын ар түрдүүлүгү атомдордун формаларынын, түзүлүшүнүн ар түрдүүлүгү менен шартталган. Таанып-билүү “агып кетүү” принцибинин негизинде түшүндүрүлөт. Мисалы: нерселер менен кубулуштардын көрүнбөгөн майда элестери менен өтө жука образдары көзгө “агып кирет” да, сырткы дүйнө тууралуу сезимдерди пайда кылат. Рационалдуу таанып-билүү сезимдик таануунун уландысы болуп эсептелет. Акыл-эс – бул өтө жука көрүү органы, б. а. өзгөчө “логикалык көрүү” болуп саналат.

Демокрит материалдуулук менен идеалдуулук айырмалаган эмес. Адамдын жаны жеңил, дүүлүккөн шар сымал жана жылмакай атомдордон түзүлгөн. Бул атомдорду Демокрит кудуреттүү, кереметтүү деп атаган. Демокриттин атомдук концепциясы тарыхий зор мааниге ээ, анткени ал Жаңы мезгилде табигый илимдер тарабынан түзүлгөн дүйнөнүн сүрөтүнүн негизине коюлган. Демокритти акыркы ири грек философ-натуралисти деп атоого болот, анткени, анын чыгармачылыгы менен грек философиясындагы натуралисттик мезгил аяктаган.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]