Дендрит

Википедия дан

Дендрит – сырткы түспөлү дарак бутагына окшош кристаллдык түзүлүш. Айрым минералдар, металл жана анын куймалары, жасалма кошундулар Дендрит кристаллдарынан турат. Кар кристаллдары жана айнекке тоңгон музда дендритке окшоп кетет. Дендритэриндилердин, буунун кристаллдануу процесси өтө тез жүрүп, тар жана илээшкек чөйрөдө өтүшүнөн пайда болот. Алтын, күмүш, жез жана темир кычкыл дары (лимонит) менен марганец (пиролюзит, псиломелан) кээде дендрит түрүндө кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1