Дербиш

Википедия дан

Дербиш (фарсча dдrveљ – сөзмө-сөз – жакыр, тентимиш) – дүнүйө-байлыктан кечкен, коомдон өзүн бөлгөн, эмгектенбей, эл кыдырып, күн өткөргөн үй-жайы, бала-чакасы жок, дин адамы. Алар «Бул дүйнө – жалган дүйнө, чыныгы дүйнө тигил жакта, бул дүйнөдөн канчалык азап тартсак, тигил дүйнөдөн ошончолук жыргал көрөбүз» деген түшүнүк менен жашашат. Дербиштер дүнүйө жыюуга, байлык топтоого, мансапка, өнөр үйрөнүп, аны жеке турмушу үчүн пайдаланууга эч кызыгышпайт, үй-бүлө күтүүгө умтулушпайт. Өздөрүнүн ушундай жашоосун «бейиш жолу» деп эсептешет.

Сүрөттөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1