Деңгээл өлчөгүч

Википедия дан

Деңгээл өлчөгүчдеңиз, көл, бассейн суусунун, жабык, ачык идиштеги, резервуардагы (казан, бак, ванна) суюктуктун деңгээлин аныктоочу прибор. Деңгээл өлчөгүчтүн көп түрү бар: сызыктуу (суюктуктун деңгээли рейка менен өлчөнөт), калкыма, гидростатикалык (манометрдин принциби боюнча); электрдик (контакттардын тийиши аркылуу); фотоэлектрдик (фотоэлементке түшүүчү жарыкка негизделген), радиоактивдүү изотоптук (изотоптордун нурланышы боюнча), салмактык (суюктук куюлган идиштин салмагына жараша), иондоштурулган жана башка. Суюктук деңгээлинин көрсөткүчтөрүн алыс аралыкка берүүдө деңгээл өлчөгүч билдиргич же каттоочу курал менен жабдылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1