Деңиз чөкмөлөрү

Википедия дан
Деңиз чөкмөлөрү.

Деңиз чөкмөлөрүдеңиз, океан түбүндө чөкмөлөрдүн жыйылышынан пайда болгон тоо тек катмарлары. Алар кургактыктан дарыя агымы, шамал, жээктердеги суу толкуну менен сүрүлүп келген заттардан, деңизде жашаган организм калдыктарынан, химиялык жол менен пайда болгон минералдардан жана суу астындагы жанар тоо бүркүндүлөрүнөн түзүлөт. Деңиз чөкмөлөрүндөгү бөлүкчөлөр: терриген (тоотектердин талкаланып үбөлөнүшүнөн), биоген (деңиз организмдеринин скелет жана кабык калдыктарынан) жана хемоген (деңиз сууларында туздардын чөгүшүнөн же деңиз түбүндө жүргөн химиялык процесстерден) жолдору менен пайда болот. Пайда болуу тереңдигине жараша литораль, нерит, батиаль жана абиссаль чөкмөлөрү болуп бөлүнөт. Механикалык курамы боюнча деңиз чөкмөлөрү кум, ылайлуу кум, алевролит жана ылайлардан турат. Деңиз чөкмөлөрү диагенездин натыйжасында катуу чөкмө тектерге айланат. Кыргызстанда байыркы деңиз чөкмөлөрү геологиялык мезгилдердин дээрлик бардыгында (мезозой жана кайнозой замандарынан башка) кеңири таралган. Алар менен Теңир тоонун темир, марганец, коргошун, пирит, фосфорит, боксит, нефть жана газдын кендери байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1