Деңиз ыры

Википедия дан

"Деңиз ыры" (англ. Song of the Sea, орус. Песнь моря) (ирландча: Amhrán na Mara) - 2014-жылы Том Мур тарткан жана Том Мур, Росс Мюррей, Пол Яң, Стефен Роелантс, Серж жана Марк Уме, Изабел Трүк, Клемент Калвет, Жереми Фажнер, Фредерик Виллумсен, Клаус Токсвиг Кжаердин продюсерлигинин негизинде тартылган анимацияланган фэнтези драма. Ал эми сценарийин Уилл Коллинс, Мурдун окуясынын негизинде жазган. Бул Ирландия, Белгия, Дания, Франция жана Люксембургдун биргеликте эл аралык кызматташуусунун негизинде тартылган тасмасы жана Cartoon Saloon тарткан экинчи тасма болуп саналат.

"Деңиз ыры" Бен (Дэвид Ровл) аттуу 10 жаштагы баланын окуясын чагылдырат. Анда ал апасынын өлүмү үчүн күнөөлөп жаткан дүлөй карындашынын сыйкырдуу жандыктарды келт кудайы Мачадан тюлендин образында болуп алып бошотууга аракет кылып жаткандыгын байкап калат.

"Saloon" студиясынын башка тасмалары сыяктуу эле бул тасма да колго тартылган. Тасманы тартуу иштери "Кэллдин сыры" (2009) аттуу тасма чыккандан кийин башталган. Бул тасма "TIFF Kids" программасындагы 2014-жылы "Торонто эл аралык кинофестивалында" 6-сентябрда көрсөтүлгөн. Тасма бир нече өлкөдө чектелүү гана санда көрсөтүлсө да, алкышка ээ болуп, 2015-жылы 87-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземинде "Эң мыкты анимациялык тасма" категориясында наамга көрсөтүлгөн.

Чыгарылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Деңиз ыры" - алгачкы жолу 2014-жылы, 6-сентябрда "TIFF Kids" программасындагы Торонто эл аралык кинофестивалында 2014-жылы көрсөтүлгөн. Ошол эле жылдын 10-декабрында Франция, Белгия жана Люксембургдун кинотеатрларында көрүүчүлөргө сунушталган. 2014-жылы, 19-декабрда Түндүк Америкада тасманын чектелүү санда гана көрсөтүлүшү, тасмага "Оскар" сыйлыгына ат салышууга өбөлгө түзгөн. Тасма 2015-жылы, 10-июлда Ирландияда көрсөтүүгө берилген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]