Джунушалиева Тамара Шаршенкуловна

Википедия дан
Джунушалиева Тамара Шаршенкуловна
Туулган датасы:

27.01.1948 жылы

Туулган жери:

Чуй областынакараштуу Кара-балта шаарында туулган

Ишмердүүлүгү:

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технологиялык факультетинин деканы

Сыйлыктары:

КРнын билим берүүсүнүн отличниги

Джунушалиева Тамара Шаршенкуловна - Химия илимдеринин тармагында белгилүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмери, адистиги “инженер-технолог”.И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технологиялык факультетинин деканы, профессору, ФПИнун технология факультетинин биринчи химия илимдеринин доктору.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Джунушалиева Тамара Шаршенкуловна, 1948-жылы 27 январда Чуй областына караштуу Кара-балта шаарында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин Фрунзе Политехникалык институтунун технологиялык факультетинен билим алган. 1981 жылы кандидаттык диссертациясын Д.И.Менделеев атындагы Москва химия-технологиялар институтунун атайын диссертациялык кеӊешинде ийгиликтүү жактаган. Докторлук диссертациясын 2001 жылы – КРнын Улуттук Илимдер академиясынын химия жана химиялык технологиялар институтунда жактаган. 137 эл аралык жана республикалык деӊгээлдеги усулдук эмгектердин, илимий публикациялардын автору, алардын катарында үч монография, сурмаларды, алтындарды бөлүп чыгуу боюнча патенттер жана КРнын Билим берүү министрлигинин грифи менен орус жана кыргыз тилинде чыккан окуу китептери бар. Химия-технологиялык илимий-изилдөө институтунун химиялык технологиялар бөлүмүнүн изилдөө иштерин 14 жылдан бери жетектеп келет.

Эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1971 – 1992 жылдары ФПИ-КМТУда лаборант, улук лаборант, изилдөөчү-стажер, аспирант, окутуучу, доцент болуп эмгектенди.

1992-2010-жылдары химия кафедрасынжетектеди.

2000-жылдан – азыркыучургачейин технология факультетинин деканы.

2003-жылдан баштап химия кафедрасынын профессору болду.

1997 жылдан азыркы учурга чейин КМТУ-нин Химия жана химиялык технологиясы илимий-изилдөөчү институтунду “Химия жана химиялык технология” бөлүмүнүн жетекчиси.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1984,1985 ж. Кыргыз ССР-нын Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлигинин Дипломдору менен сыйланган.

1995-жылы «КРнын билим берүүсүнүн отличниги» деген белги берилди;

1995, 1998, 1999-жылдары Билим берүү министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланды;

1995, 1998, 1999, 2003, 2004, ФПИ-КМТУ-нин Ардак грамоталары менен сыйланган;

2002-ж., «КМТУ-не өзгөчө салым кошкондугу үчүн» төш белгиси менен сыйланган;

1994-ж., ФПИ-КМТУнин Ардак грамоталары менен сыйланган;

2002 жылы Кыргызстан Профсоюзунун федерациясынын Президиумунун кеӊешинин Ардак грамотасы менен сыйланган;

2004 жылы – Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2004-жылы Россиянын химиялык билим берүү Ассоциациясынын диплому,Denver Mining Club LTD (USA) Диплому менен сыйланган.

2009-жылы Т.Ш.Джунушалиева «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген ишмер» деген ардактуу наам берилди.