Дилноза Кубаева
Төрөлгөндөгү ысымы: |
Кубаева Дилноза Окилбековна | |
---|---|---|
Туулган датасы: |
22 -ноябрь 1986 (38 жаш) | |
Туулган жери: |
Ташкент, Өзбек ССРи, СССР, (Өзбекстан) | |
Жарандыгы: | ||
Кесиби: | ||
Карьерасы: |
2004 — азыркы учурда | |
Багыты: | ||
Сыйлыктары: |
M&TVA 2007, 2008 | |
Үй-бүлөсү |
| |
IMDb: |
Дилноза Кубаева (өзб. Dilnoza Kubayeva) — Өзбекстандык актриса жана ырчы. Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти[1].
Заманбап өзбек тасмаларында роль жаратып атактуу болгон[2], алардын ичинде "Келгинди келин", "Наристем", "Көргүм келеди" тасмаларында ойногон ролдору менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган. 2008-жылдан 2010-жылга чейин үй-бүлөлүк көйгөйлөрдөн улам актрисалык кесипти токтоткон, бирок 2011-жылы киного кайтып келген.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дилноза Кубаева 1986-жылы 22-ноябрда Ташкент шаарында абройлуу үй-бүлөдө төрөлгөн. 1993-1996-жылдары Ташкент шаарынын Яшнобод районундагы 255-орто мектепте, 1996-2000-жылдары Сыргали районундагы 3-орто мектепте, 2000-2003-жылдары Алишер Навои атындагы республикалык «Көркөм өнөр» лицейинде билим алган. 2003-2007-жылдары Маннон Уйгур атындагы Ташкент мамлекеттик искусство институтунун (драма театр жана кино актёру бөлүмү) студенти. Бакалавр даражасы ыйгарылган. 2007-жылдан бери Өзбек улуттук академиялык драма театрында актриса болуп эмгектенип келет. 2010-жылы “Өзбекстан белгиси” төш белгисин алган, “Эң улуу, эң кымбат” республикалык кароо-сынагында 2-орун, 2012-жылы “Даңк” медалы жана 2021-жылы “Өзбекстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы” сыйлыктары менен сыйланган.
Жолдошу 2009-жылы каза болгон. Ахмадалиев Мухаммадамин 2009-жылы 28-мартта Ташкент шаарында туулган. Дильноза Кубаева мамлекеттик абройлуу иш-чараларга, маданий-агартуу кечелерине жана белгилүү ырчылардын концерттик программаларына активдүү катышып келет.
Театрдагы дебюттук ролу 2004-жылы сахнага чыккан "Андишали Келинчек" (өзб. Andishali kelinchak) спектакли, ал эми кинодогу дебюттук ролу 2005-жылы чоң экрандардан көрсөтүлгөн "Тагдыр тамашасы" (өзб. Taqdir charxpalagi) тасмасы болгон.
Тасмаграфиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тасмалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Фильмдер | |||
---|---|---|---|
Жылы | Нукура аталышы | Кыргызча аталышы | Каармандык ролу |
2005 | Taqdir charxpalagi | Тагдыр айлампасы | Лайло |
Kelgindi kuyov | Келгинди күйөө | Райхон | |
2006 | Kelgindi kelin | Келгинди келин | Чароз |
2007 | Advokatlar | Адвокаттар | Ойдын |
Zumrad va Qimmat | Зумрад жана Кымбат | Киммат | |
Jazo | Жаза | Зилола | |
2008 | Sehrli uzuk | Сыйкырдуу шакек | Фарангиз (озвучка) |
Telba | Тентимиш | Робия | |
Kichkina odamlar | Кичинекей адамдар | Зарифа | |
Afyun girdobi | Апийим туңгуюгу | ||
2010 | Hijron | Айрылуу | Махфуза |
O’g’rigina kelin | Ууру келин | Саёра | |
Yuzma-yuz | Бетме бет | Феруза | |
Kechikkan hayot | Кечиккен жашоо | Шаходат | |
2011 | Er bermoq — jon bermoq | Эр берүү — жан берүү | Дурдона |
Kelganda kelin-2: Anjancha muhabbat | Келгинди келин-2: Андижанча махабат | Гөё | |
Farzandim | Наристем[3] | Насиба | |
2012 | Baxt uyi | Бакыт үйү | Малика |
2013 | Farzandim 2 | Наристем 2 | Насиба |
Sensiz | Сенсиз | Малика | |
2014 | Ko’rgim keladi | Көргүм келет | Зиёда |
2015 | Baron | Барон | Иззаттин аялы |
2016 | Baron 2 | Барон 2 | Иззаттин аялы |
Er bermoq — jon bermoq 2 | Эр берүү — жан берүү 2 | Дурдона | |
Isnod | Доомат (Каралоо) | Жамила | |
"Aldangan farishtalar" | "Алданган периштелер" | Журналист кыз | |
2018 | "Vasiyat" | "Абал" | Фатима |
"Merosxoʻr" | "Мураскер" | Эне | |
2019 | "Said bilan Saida" | "Саид менен Саида" | Майор аял |
"Yolgʻiz boʻri" | "Жалгыз бөрү" | Замира | |
2020 | "Oʻzbekcha ajrashish" | "Өзбекче ажырашуу" | Башчы аял |
Сериалдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сериалдар | |||
---|---|---|---|
Жылы | Нукура аталышы | Кыргызча аталышы | Каармандык ролу |
2005 | Qadah | Кадах | Мохинур |
2008 | Kaminaning oilasi | Каминанын үй-бүлөсү | Бахора |
2008 | Muhabbatim-qismatim | Махабатым-тагдырым | Малика |
2010 | Mehribonginam | Мээримдүүм | Табассум |
Спектакль
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Спектакль | |||
---|---|---|---|
Жылы | Нукура аталышы | Кыргызча аталышы | Каармандык ролу |
2005 | Andishali kelinchak | Тынчы жок келин | Олмахон |
2006 | Omonat dunyo | Аманат дүйнө | Кыз |
Bir qanotlilar | Бир канаттуулар | ||
Bevalar | "Жесирлер" | Дилдора | |
2010 | Sizsiz oʻtmas kunlarim | Сизсиз өтпөс күндөрүм | Ирода |
Rustam | Рустам | Умири | |
Ogoh boʻling, odamlar | Абайлаңыз, адамдар | Мавжуда | |
2011 | Omon boʻlgin azizim | Аман болгун азизим | Мейман |
Oʻtkan kunlar | Өткөн күндөр': | Күмүш | |
Uyqusiz kecha | Уйкусуз түн | Шойра | |
2013 | Senga bir gap aytaman | Сага бир сөз айтамын | Журналист кыз |
2015 | Imon | Ыйман': | Озода |
Quyoshni sen uygʻotasan | Күндү сен ойготосуң | Шабнам | |
2016 | Alisher Navoiy | Алишер Навои | Гули |
2016 | Mirza Ulugʻbek | Мырза Улугбек | Феруза |
Жеке жашоосу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дилноза Кубаеванын күйөөсү автокырсыкка учурап, бир канча ай ооруканада жатып, айыга албай көз жумган. Бир уулу бар. Аты Мухаммед-Амин. Турмушка чыгуу жөнүндө суроолорго жооп бербей келет.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Дилноза Кубаева (англ.) Internet Movie Database сайтында
- http://uzbek-kino.ru/biografija/85-dilnoza-kubaeva-biografiya.html Archived 2013-01-13 at archive.today
- Дилноза Кубаева "Кино поиск" сайтында (орусча)
- Дилноза Кубаева Кино - Театр сйтында (орусча)
- ↑ Ўзбекистон Республикаси мустақиллигининг ўттиз икки йиллиги муносабати билан фан, таълим, соғлиқни сақлаш, адабиёт, маданият, санъат соҳалари ва оммавий ахборот воситалари ходимларидан бир гуруҳини мукофотлаш тўғрисида.
- ↑ Dilnoza Kubayeva (орусча). Uzbek-Kino. Текшерилген күнү 8-iyun, 2012. Түп булактан архивделген күнү 13 -январь (үчтүн айы) 2013.
- ↑ (өзб. Farzandim, кырг. Перзентим) - Адабий колдонуудагы эң башкы нускасы Наристем