22-ноябрь
Көрүнүш
(«22 -ноябрь» барагынан багытталды)
Октябрь – Ноябрь – Декабрь | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 |
29 | 30 |
Жыл аягына чейин 39 күн бар
- Азербайжан — Юстиция кызматкерлери күнү
- Ливан — Эгемендүүлүк күнү.
- Суринам — Көз карансыздыкты жарыялаган күн 1975-жыл.
- АКШ — Жон Кеннедини эскерүү күнү. 2005-жылдан баштап эскерилет.
- Украина — Элдик боштондук күнү
Кыргызстан
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1906-жылы: Түркстан генерал-губернаторлугу Пишпекте орусиялык падышалык өкмөткө каршы революциялык чакырыкты билдирген жашыруун чечим кабыл алган.
- 1919-жылы: Түркстан фронтунун революциячыл аскер кеңешинин чечими менен Жети-Суу фронту дивизиянын укугун алып, өзүнчө Жети-Суу отряды аталган.
- 2001-жылы: Бишкекте КРнын инженерлеринин 1-съезди жана көргөзмөсү башталган.
- 2004-жылы: Кыргыз прокуратурасынын уюшулганынын 80 жылдыгы белгиленген.
- 2007-жылы: Парламенттик шайлоо алдындагы үгүт учурунда КСДПнын төрагасынын орун басары болуп турган экс-депутат Жусуп Жээнбеков белгисиз жигиттер тарабынан ур-токмокко кабылган.
Дүйнө
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1604-жылы: Испаниянын падышасы 26 жашар Филипп III көз жумган. Анын башкаруусу ак сарайдагы аша чапкан эрежелери менен эсте калган. Падышанын отургучун жылдырган жалгыз кызматкерди таппай калышып, ал каминдин жанында уктап жатканда күйүп кетип каза тапкан.
- 1808-жылы: Дүйнөдө биринчи болуп туристтик агенттикти негиздеген англиялык Томас Кук төрөлгөн.
- 1884-жылы: Кан басым менен жүрөктүн согушун өлчөөчү аппараттардын ойлоп табуучусу, немис физиги Карл фон Верордт көз жумган.
- 1890-жылы: Франциянын экс-президенти, генерал Шарль де Голль жарык дүйнөгө келген.
- 1909-жылы: Ага-ини Орвилл жана Уилбер Райт аэропландын өндүрүшүүчүн биринчи компанияны уюштурушат.
- 1916-жылы: Америкалык жазуучу Жек Лондон көз жумган.
- 1917-жылы: Канадада Улуттук Хоккей Лигасы (НХЛ) негизделген.
- 1936-жылы: СССРде эгерде кош бойлуулук эненин ден-соолугуна коркунуч жаратса, анда жасалма аборт жасатууга уруксат беришет.
- 1941-жылы: Ладога көлүнүн үстүндө тоңгон муздун үстүндө блокадада калып кеткен Ленинградды камсыздоо үчүн Жашоо жолунда унаалар жүрө баштаган. Ал 1943-жылдын март айына чейин курчоодогу шаарга баруунун жалгыз жолу болуп калган.
- 1960-жылы: СССРде аз май коротуучу Запорожец үлгүсүндөгү унаалар чыга баштаган.
- 1963-жылы: АКШнын 35-президенти Жон Кеннеди өлтүрүлгөн.
- 1984-жылы: Америкалык актриса жана ырчы Скарлетт Йоханссон туулган.
- 1986-жылы: Майк Тайсон Дүйнөлүк боксёрдук кеңештин (WBC) эң оор салмактагы титулун утуп алып, бокстун тарыхында биринчи жаш дүйнөнүн чемпиону атыккан.