Дин ырлары
Дин ырлары — диний мазмундагы ырлар; элдик оозеки чыгармачылыктын бир түрү. Дин ырларынын сюжети негизинен диний китептердин булактарынан (Библия, чиркөө гимндери, Куран, диний легендалар жана апокрифтер) турат. Дин ырларын дубана, сокурлар музыкалык аспаптын коштоосунда ырдаган. Орус фольклорунда дин ырлары 15-кылымдан белгилүү. Айрыкча 17-кылымдан тартып диний эски ырым-жырымды жактоочулар менен сектанттар арасында кеңири тараган. Дин ырларында тарыхый окуялар, элдин жакшылык жана адилеттик, дүйнөнүн жаралышы жана башкалар жөнүндөгү ой жүгүртүүлөрү өзүнчө бурмаланып баяндалган. Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында жалпы эле дүйнө элдеринин фольклорундагыдай дин ырлары өзгөчө орунду ээлейт. Анткени, дин ырларынын түпкү жаралышына адамзаттын байыркы баёо «балалык» мезгилинде дүйнөнү миф аркылуу кабылдоосу түрткү болгон. Ал эми миф алгачкы учурда поэтикалык чыгармачылыктын, адепки динди жана курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн илимге чейинки көз караштарынын синкреттик биримдигинен түзүлгөндүгү маалым. Элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүнөн айырмаланган дин ырларынан бир эле учурда поэтикалык чыгармачылыктын өзүнөн башка да алгачкы адамдардын диндик, философиялык көз караштарынын элементтерин табууга болот. Ошол эле учурда дин ырларын салыштыра карай келгенде, ал ырларды жараткан эл кандай тарыхый доорлорду башынан өткөргөндүгү туурасында маалымат алууга шарт түзүлөт. Ушуга байланыштуу дин ырлары байыркы элдин поэтикалык чыгармачылыгын, динин, философиясын, тарыхын изилдөөдө табылгыс булак болуп бере алат. Дин ырларынын элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрүнөн дагы бир өзгөчөлүгү аларды аткарууда кандайдыр бир турмуштук шарт, себеп түрткү болот жана ошого ылайыкташкан ырым-жырым, жөрөлгөлөр аткарылып жаткан учурда ырдалат. Айрым дин ырларынын өздөрүнө таандык байыртадан келе жаткан салттык обондору жана атайы адистешкен аткаруучулары да бар. Кыргыз элинин дин ырларынын көбүндө диндин алгачкы формаларына таандык ишенимдер сакталып, алардын мазмуну, кээ биринин аткарылыш жөрөлгөсү, ырым-жырымы азыр коңшулаш жашаган Орто Азиядагы элдердин диний түшүнүктөрүнө, салттарына караганда Сибирдеги түрк тилдүү якут, алтайлык, хакас, шор, туба элдеринин азыркыга чейин сакталган салттык дин ишенимдери, жөрөлгөлөрү менен өтө жакын, бир типтүү. Элдик ырларда сакталган байыркы диний жөрөлгөлөргө караганда, кыргыздар фетишизм, анимизм, тотемизм ишенимдеринде болуп келишкен. Жогоруда аталган диндер бири-бири менен жуурулушуп, алардын айрым элементтери кыргыздардын каада-салттарында, анын ичинен диндик ырым-жырым, жөрөлгөлөрүндө ыр же айтым түрүндө рудимент катары өз издерин күнү бүгүнкүгө чейин сактап келет. Советтик доордун алгачкы учурунда элдик оозеки чыгармачылыкты эл арасынан жазып чогултуу ишинде атеисттик идеологиянын таасири менен диндик мазмундагы ырларга көңүл бурулбай, көптөгөн материалдар эл эсинен чыгып, кийинки муундарга жетпей калды. Алгачкы адамдар табиятка түздөн-түз көз каранды болгондуктан, ага жүгүнүү, баш ийип сурануу аркылуу колдоо, ырайым алууга умтулушкан. Ошондуктан фетишизм, анимизм, тотемизм ишениминдеги байыркы адамдар сөздүн керемет күчүнө ишенип, ал аркылуу жаратылыштагы бардык нерселердин, кубулуштардын рухуна, ээсине таасир этип, аны адам өз эркине багындырып, көндүрүп ала алат деген баёо түшүнүктө болгон. Жаратылыштагы кубулуштарды, объектилерди адаттан тышкары жогорку күчкө ээ кылган мындай магиялык азгырма диний калдыктардын көптөгөн түрү кыргыздарда жана аларга тектеш, жогоруда аталган Сибирдеги түрк элдеринде кийинки мезгилдерге чейин сакталып калган. Ислам дининин кыргыздарга тарай башташы менен мурдагы фетишизм, анимизм, тотемизм, шаманизм ишенимдеринин негизинде пайда болгон ырлардын ордун мусулман ыйыктары Кыдыр Ильяс, Сулайман сыяктуу пайгамбарлар, кудай (Алла) жана башка ээлей баштады. Жер-жерлерде бала окутуу менен гана чектелбестен, ар бир тойдо, ашта турмушта пайдаланылган майда-барат салттарга чейин диндик мүнөз берүүгө аракет кылышып, ага арналган ырлардын бирден-бир булагы болгон курандын жоболорун, аяттарын пайдаланышып, дин ырларын көбүнчө молдолор чыгарышкан. Ислам дининин мусулман элдерине таралышы менен Курандын сүрөөлөрү, аяттары жөнөкөй түшүнүктөгү элдерге терең мистикалык, догмалык мааниде чечмеленип, бир жагынан күндөлүк турмушта колдонуучу эреже катары, экинчи жагынан саясий идеологиялык күчкө айланган. Кыргыз фольклорунда ислам динине байланышкан идеялар макалылакаптарда, табышмактарда, уламыш, легендаларда, тарыхый даректерде, санжыраларда, жөө жомоктордо, лирикалык ырларда жана эпостук чыгармаларда аралашкан, синтездешкен түрүндө арбын учурайт. Кыргыз фольклорунда кездешкен дин ырлары лирикалык түрдүн бир жанрын түзгөнү менен, жетик көркөмдүккө өсүп жеткен эмес. Алар негизинен элдик салт ырларынын нугунда өнүккөн. Нукура ислам дининин көз караштарын чагылдырган чыгармалар кыргыз фольклорунда башка лирикалык ырларга салыштырганда элдик түрү анча катуу өнүкпөй, айрым кат-сабаты жоюлган адамдардын гана чыгармачылыгында учурайт. Бул чыгармалардын лексикасында динге байланышкан араб, фарсы тилиндеги терминдер жыш колдонулуп, грамм. жагынан чагатай тилине жакындаштырылып, муун өлчөмдөрү кыргыздын салттык ырларындагыдай 7-8 муундан эмес, жазма адабияттын таасиринен улам, көбүнчө 11 муундуу ыр түзүлүштөрү мүнөздүү. Кыргыз фольклорунда ислам идеологиясын чыныгы поэтикалык деңгээлге көтөргөн, өзүнчө салттык ырга айланган үлгүлөрү кыргыздар жашаган бардык аймакка тарап, көп варианттуулукка ээ.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5