Дисменорея

Википедия дан

Дисменореяэтек кир циклинин бузулушу.
Анда ичтин ылдый жагы, бел ооруйт, шакый кармап, жүрөк тез-тез кагат, кустурат, ич өтүп, уйку бузулат.

Биринчилик дисменорея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчилик дисменорея менен төрөбөгөн аялдар, кыздар ооруйт. Бул дисменорея көбүнчө жыныстык турмуш калыбына келгенде же төрөттөн кийин жоголот.

Экинчилик дисменорея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчилик дисменорея аялдын жыныс органдарында сезгенүү ооруларынын, шишиктердин пайда болушунан, ошондой эле биринчи этек кир келип коркуп кеткендиктен, көп убакыт боюна болбогондон жана башка келип чыгат. Дарылоо себебине жараша жүргүзүлөт.

Алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алдын алууда организмди чыңдоо, туура тамактануу, эмгек менен эс алууну айкалыштыруу, жугуштуу ооруларды өз убагында дарылоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8