Дордой базары

Википедия дан

«Дордой»Ортоңку Азияда эң чоң көп тармактуу Базар. 1991-ж. «Дордой» базары катары негизделген. Бишкек шаарынын Түндүк чекесинде жайгашкан. 100 гадан ашык аянтты ээлейт.

Товардоо кыймылы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Базарда 30 миңден ашуун адам эмгектенет. «Дордой» базары республикасынын казынасына жылына 100 млн сом көлөмүндө салык төлөйт. Ал соода-сатык иштери менен катар эмерек‚ пластик жана аллюминий буюмдарын‚ курулуш материалдарын жасоо‚ жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу‚ медицина‚ консалтинг жана юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча‚ ошондой эле туристтик жана оюн-зоок комплекстери бар ассоциацияга айланды. «Дордойдун» республикасынын региондорунда структуралары бар. Бишкекте «Дордой плаза»‚ «Дордой моторс» соода үйлөрү‚ «Ала-Тоо»‚ «Октябрь»‚ «ВЕФА» кинотеатрлары‚ Нарын шаарында Арт-галерея‚ «Плаза» соода борбору‚ Ысык-Көлдө «Дордой» пансионаты‚ Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Кошой-Коргон» тарыхый-маданий музей-комплекси‚ «Плаза» соода борбору‚ Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Кой-Таш» туристтик комплекси иштейт. Ассоциация адамдарга кайрымдуулук колдоо көрсөтүүгө‚ «Дордой-Динамо» командасын, «Көк бөрү» улуттук оюндар клубун финансылоого‚ маданият жана искусство‚ адабият‚ медицина‚ билим берүү‚ спорт ишмерлерин финансылык колдоого жана башка иш-чараларга жылына млндогон сом сарптайт. Жай мезгилинде «Дордой» пансионатында көп балалуу‚ жакыр үй-бүлөлөрдүн 400дөн ашуун балдары бекер эс алып‚ ден соолугун чыңдашат. «Дордой» Кытай‚ Түркия‚ Венгрия‚ Финляндия‚ Швейцария‚ Америка сыяктуу өлкөлөрдөгү өнөктөрү менен тыгыз байланышта иштеп‚ эл аралык кызматташууга да өз салымын кошууда. «Шоро» фирмасы менен бирге Кытайда улуттук суусундук чыгаруучу комбинатты курду.

Базардын бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дордой базары 15 райондон курулат.

  • Автокуралдары
  • Ак-Суу
  • Алканов
  • Восток
  • Джунхай
  • Дордой
  • Дордой-АЗС
  • Дордой-Түндүк (орус.Дордой-Север)
  • Евразия
  • Европа
  • Кербен-Түндүк (орус. Кербен-Север)
  • Кербен-Түштүк (орус. Кербен-Юг)
  • Мурас-Спорт
  • Оберон-Форт
  • Шанхай
  • Нурболот
  • Борбордук өтмө
  • Бут кийим ааламы


Элибиздин маданий‚ тарыхый мурасын сактоо максатында Ормон хан‚ Тайлак баатыр‚ Муса Баетов‚ Ажыбек баатыр‚ Казыбек казалчы жана башка белгилүү инсандардын мааракелерине карата алардын айкелдерин тургузуу‚ китептерди чыгаруу‚ конференцияларды өткөрүү‚ ошондой эле «Кошой-Коргон» комплексинде археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү иштерин финансылаган. ЖОЖдордо «Дордойдун» атайын стипендиясын алып окуган студенттердин саны өсүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1