Дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүүсү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Дүйнө жүзүндөгү климаттын өзгөрүүсү – бүгүнкү күнү бүткүл дүйнө жүзү боюнча кеңири масштабда болуп жаткан өзгөрүүлөр. Мындай өзгөрүүлөрдүн катарына убакыттын өтүшү менен бүтүндөй Жер планетасынын же анын айрым чөлкөмдөрүндөгү климатынын туруксуз көрсөткүчтөрү кирет. Ал он жылдык мөөнөттөн баштап миллиондогон жылдарга чейинки мөөнөттө топтолгон көрсөткүчтөрдүн аба-ырайынын параметрлериндеги статистикалык четтөөлөрү менен аныкталат. Бүгүнкү күнү климаттын өзгөрүүсү дүйнө жүзүндөгү көптөгөн өлкөлөрдө, ошондой эле Борбордук Азияда олуттуу көйгөйлөрдү жаратууда. Климаттын өзгөрүүсү адамдын өмүрүнө коркунуч келтирип, тиричилик булактарынан кур калтырбастан, байлар менен кедейлердин ортосундагы айырманы ого бетер тереңдетип, аялдар менен эркектердин ортосундагы теңсиздикти күчөтөт. Кыргыз Республикасы бул көйгөйдүн олуттуулугун жакшы түшүнүп, Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенцияга кошулуп[1], анын Киот протоколун[2] ратификациялады. Мындан тышкары, "Аялдар жана айлана-чөйрө" бөлүмү Пекин иш-аракеттер платформасында (ПИП) өзгөчө орунду ээлейт[3] .

Климаттын өзгөрүүсү жана гендердик саясат маселелери[оңдоо | булагын оңдоо]

Гендер жакырчылык сыяктуу климаттын өзгөрүүсүнүн олуттуу аспектиси болгондуктан, ал саясат деңгээлинде кабыл алынып, таанылышы керек. Негизи, гендер менен жакырчылык бири-бири менен тыгыз байланышып, социалдык өзгөрүүлөргө жол бербеген тоскоолдуктарды жаратышат. Климаттын өзгөрүүсү гендердик маселелерге кедергисин тийгизбей койбойт.

Климаттын өзгөрүүсүнө байырлашуу саясатын иштеп чыгып жатканда гендердик ык-амалды эске алуу керек, себеби аялдар менен эркектер климаттын өзгөрүүсүнө ар кандай деңгээлде себепчи болуп, климаттын өзгөрүүсүнөн келип чыккан кесепеттерди ар кандайча кабыл алышып, андан ар кандай деңгээлде зыян тартып, ар кандай жооп беришет.

Бул айырмачылык эркектер менен аялдардын гендердик ролдору жана жоопкерчилиги, ресурстарга жетүү жана чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү ар кандай болгондугу менен түшүндүрүлөт. Муну гендердик жактан бөлүштүрүлгөн статистикалык дайындардан байкоого болот. Ошол эле маалда учурдагы статистикалык дайындар жана изилдөө иштери бардык чөйрөлөрдөгү гендердик аспекттерди толугу менен аныктай албайт жана аялдарды климаттын өзгөрүүсүнүн зыян тарткан аярлуу топ катары бөлүп көрсөтпөйт. Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу маселелерде гендердик өлчөөнү эске алуу зор мааниге ээ, себеби ал аркылуу климаттык саясатты түзүп, жүзөгө ашырып жатканда теңсиздиктин алдын алууга болот. Мындан тышкары, аялдарды саясаттын объектилери гана эмес, аны иштеп чыгып, жүзөгө ашырууда маанилүү агенттер катары эске алуу керек. Мындай саясаттын негизги элементтери: эмгектин гендердик өлчөөсү, ар кандай ресурстарга болгон мүмкүнчүлүк, пландаштыруу жана чечим кабыл алуу процесстеринде катышуу.

Климаттын калкка келтире турган коркунучтары жана гендердик аспект[оңдоо | булагын оңдоо]

Климаттын өзгөрүүсүнөн улам, ден-соолукка, тамак-аш коопсуздугуна коркунуч келтирилип, табигый кырсыктар көбөйүшү мүмкүн.

Климаттын өзгөрүүсү жана ден-соолук[оңдоо | булагын оңдоо]

Климаттын өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан оорулардын катарына суу жана тамак-аш аркылуу жугуучу, трансмиссивдик, табигый кырсыктар (өлүм, жаракат алуу, майыптуулук), тамактануунун бузулушу менен шартталган абалдар жана оорулар кирет.

Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чараларга карабастан[4] , акыркы жылдары калктын арасында кездешкен оорулар көбөйгөндөн көбөйүүдө, мындай көрүнүштү, башка себептер менен бирге, климаттын өзгөрүүсү менен түшүндүрүүгө болот. Оорулардын көрсөткүчтөрү менен климаттык факторлордун ортосундагы байланышты "Оорулардын алдын алуучу медицина" БӨУ изилдөө иштеринде салыштырган.

Климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстандын калкына тийгизген тике таасирин абанын атмосфералык басымынын кескин түшүп/көтөрүлүп кетишинде жана аба-ырайынын туруксуздугунда, ошондой эле катуу жаан-чачындарда байкоого болот. Климаттын өзгөрүүсүнө туруштук бере албаган адамдар: кичинекей балдар, кары-картаңдар, жүрөк-кан тамыр, цереброваскулярдык оорулардан жана дем алуу органдарынын ооруларынан жапа чеккен адамдар.

  • Кан айлануу органдарынын оорулары

Кары-картаңдар температуранын кескин өзгөрүүсүн жана жаан-чачындардын көп болушун көтөрө алышпайт. 45-64 жаштагы аялдардын кан айлануу тутумунун оорулары менен абанын температурасынын өзгөрүшү, ошондой эле жаан-чачындардын санынын ортосундагы байланыш иш жүзүндө далилденген. 64-75 жаштагы улгайып калган адамдар абанын температурасына жана жаан-чачындарга сезгич келип, аны эркектерге караганда аялдар көп көтөрө алышпайт. Ошол эле учурда эмгекке жарамдуу курагында кан-тамыр ооруларынан каза болгон эркектердин саны аялдарга салыштырмалуу үч эсе жогору. Абанын температурасы жогорулап кеткендигинен улам жүрөк оорусу кармап каза болгон адамдар 45 жаштан жогоруларда көп кездешет. Адамдардын өлүмү менен температуранын жогорулап кетишинин ортосунда түздөн-түз байланыш бар: күн аябай ысып кеткен мезгилде ар кандай себептерден каза болгон адамдардын саны орточо көрсөткүчтөрдөн 50% жогору болуп, көбүнчө кары-картаңдар жабыркайт. Келечекте климаттын тигил же бул сценарий боюнча өзгөрүүсү менен, кан-тамыр органдарынын ооруларына чалдыккан адамдардын саны, жынысына жана курагына жараша көбөйгөндөн көбөйө бермекчи.

  • Жугуштуу илдеттер жана мите оорулары шарттаган коркунучтар.

Климаттын ысышы менен тышкы чөйрөдө жугуштуу ооруларды козгогучтар үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөндүктөн ар кандай жугуштуу жана мите оорулары көбөйүп кетет. Калктын жугуштуу ичеги ооруларына чалдыгышы көбүнесе суунун сапатына (суу менен камсыз кылуу булактарындагы жана суу бөлүштүрүүчү тармактардагы), ошондой эле климаттык көрсөткүчтөргө түздөн-түз байланыштуу болгон азык-түлүк өндүрүмдөрүнүн жугуштуулук деңгээлине түздөн-түз байланыштуу болот. Жугуштуу жана мите ооруларынан каза болгон адамдардын көпчүлүгүн эркектер түзөт (2011-жылы каза болгон адамдардын жалпы санынан 2,9%). Абанын температурасынын 4,6˚С – 6,1˚С жогорулашынан улам (климаттык сценарийлердин үлгүлөрүнө жараша) 2005-жылга салыштырмалуу 2100-жылы жугуштуу ичеги ооруларынын саны 15,9% жана 10,6% көбөйөт деп күтүлүүдө.

  • Репродуктивдик ден-соолук чөйрөсүндөгү коркунучтар.

Климаттын өзгөрүшү жана ага байланыштуу социалдык өзгөрүүлөр энелер менен балдардын ден-соолугунун бузулушуна алып келиши мүмкүн. Мисалы, түйүлдүктүн жетилишиндеги патологиялар айлана-чөйрөнүн температурасынын төмөндөшү жана жогорулашына түздөн-түз байланыштуу.

Кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийин мезгилдер канчалык көп кыйынчылыктар менен коштолсо, баланын тубаса оорулар (кемчиликтер) менен төрөлүү ыктымалдыгы ошончолук жогору болот. Тубаса кемчиликтер жана оорулар аял менен эркектин репродуктивдүү ден-соолугуна түздөн-түз байланыштуу болот. Кош бойлуулук мезгилиндеги, төрөт учурундагы жана төрөттөн кийинки мезгилдеги өлүм көрсөткүчтөрү шаар жана айыл жергесинде бири-биринен айырмаланат. Шаарга караганда, айыл жергесинде мындай кыйынчылыктар 3-4 эсе көбүрөөк кездешет.

  • Санитария көйгөйлөрү.

Аялдар менен эркектерди санитария кызматтарын бирдей шарттарда пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу мамлекеттин эң маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Жүргүзүлгөн изилдөө иштенинин жыйынтыгында, санитардык шарттар, айрыкча, айыл жергесинде өтө эле начар экендиги маалым болгон. Дааратканалардын короонун ичинде жайгашуусу да элдин, айрыкча, аялдардын репродуктивдик саламаттыгына терс таасирин тийгизет, себеби мындай дааратканаларга чымындар оңой учуп киришип, жугуштуу оорулардын жайылышына себепчи болушат.


Айыл жергесиндеги дээрлик бардык мектептердин дааратканалары мектептин аймагында же ага жакын жайгашат, ал эми шаардагы мектептердин 14,3% гана дааратканалар мектептин ичинде жайгашкан. Үй-бүлө мүчөлөрү, айрыкча, жаш балдар көп ооруса (мектептерде кол жууй турганга суу жок болгондуктан ичеги ооруларына чалдыгып, дааратканалар мектептен алыс жайгашкандыктан суук тийип ооруп калышса), аялдар жумушка чыга албай, балдарын карап үйгө отурууга мажбур болушат.

Башка коркунучтарды азайтуу[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Сууну коопсуз пайдалануу

Гендердик жактан бөлүштүрүлгөн[5] статистикалык дайындарга ылайык, эркектерге караганда аялдар үй-бүлөнүн ооруп калган же кары мүчөлөрүн бакканга көбүрөөк убакыт жумшашат. Ичүүчү суунун сапаты начар болуп, ушундан улам келип чыккан оорулардын көбөйүшү аялдардын мойнуна түшкөн түйшүк болуп, алардын эмгек базарындагы мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Ушундан улам, алардын белгилүү бир убакыт аралыгында көрө турган кирешеси азайып, аялдардын арасындагы жакырчылык деңгээли ого бетер тереңдейт. Республикадагы үй-чарбаларынын болжол менен 6,5% үйүнө суу ташып баруу үчүн 30 мүнөттөн ашуун убакытын коротот (шаарда - 1,2% жана айылда 10,6%). Мындан тышкары, үй-чарбаларынын 49,3% сууну аялдар жана 15 жашка чейин кыздар ташып келишет (жалпы кыздардын санынан 10,2%)[6] .

Ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлиндеги, таза сууну пайдалануучулардын коомдук бирикмелериндеги жана суу пайдалануучуларынын ассоциацияларындагы суу менен камсыз болуу жана санитария, ошондой эле жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын бөлүштүрүү маселелери боюнча чечим кабыл алуу тутумдарында катышкан аялдар аз. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аялдардын саны 34,5% түзүп, көбүнчө алар эң төмөнкү административдик кызмат орундарын ээлешет. Бүгүнкү күнү айылдагы таза сууну пайдалануучулардын 633 бирикмесинин ичинен 390 гана иштейт. Алардын 38 аялдар жетектейт[7] . 2009-жылы суу пайдалануучулардын ассоциацияларында иштеген 4175 адамдын ичинен 18% гана аялдар түзгөн. Бүгүнкү күнү 469 ассоциациянын 98% эркектер, ал эми 2% гана аялдар жетектешет. Ошентип, суу пайдалануучуларынын ассоциацияларында аялдар аз кездешип, сууну бөлүштүрүү тутумунда ээлеген абалы өтө эле начар десек болот.

  • Азык-түлүк коопсуздугу

2025-жылы жаан-чачын жана сугат суу кескин азаят деген божомолго ылайык, айдоо жерлеринин аянты кичирейип, айыл-чарба маданий өсүмдүктөрүнүн түшүмү азаят. Албетте, мындай кырдаал азык-түлүк коопсуздугуна, айрыкча, турмуш-шарты начар райондорго кедергисин тийгизбей койбойт. Азык-түлүк өндүрүмдөрүнүн азайышынан улам, адамдар тоё тамактана алышпай, ачарчылык күч алып, калктын, айрыкча, жаш балдардын ден-соолугу кескин начарлайт. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматы боюнча, XXI кылымдын орто ченинде Борбордук Азия өлкөлөрүндө айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү 30% чейин начарлап, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн.

Үй-бүлөнүн тиричилик кылуу стратегиясында тамак-аштын азыраак керектеле баштаганы зор мааниге ээ. Азыркы мезгилде эле Кыргыз Республикасынын дубандарында жаш балдар менен кош бойлуу аялдар толук кандуу тамактанышпайт. Ушундан улам, аларга витаминдер менен микроэлементтер (темир жана йод) жетишпей, бир катар оорулар келип чыгууда (кош бойлуулар аз кандуулукка чалдыгып, балдардын өсүп-жетилиши начар болууда). 2012-жылы Кыргыз Республикасында салмагы аз болгон 1-6 жашка чейинки балдардын саны 7,2% түзгөн. 1-6 жашка чейинки балдардын ичинен 6,3% эркек балдар жана 8,2% кыздар тоё тамактанбай тургандыгы анык болгон. Тамак-ашты чектөө зарылчылыгынан улам, назик кыздар аз тамак ичиши керек деген салттуу стереотиптер кайрадан жанданууда. Ушундан улам, кош бойлуу келиндердин арасында аз кандуулуктун көрсөткүчтөрү туруктуу мүнөздө өсүүдө, демек, кош бойлуу кезинде жана кийин аялдар толук кандуу тамактанышпайт деген тыянакка келсек болот.

Өзгөчө кырдаалдар[оңдоо | булагын оңдоо]

Табигый кырсыктардын кесепеттери калктын аярлуу катмарларынын бири болгон аялдарга өзгөчө тиет. Климаттын өзгөрүүсүнүн сценарийлери боюнча сууга байланыштуу табигый кырсыктар убакыт өткөн сайын көбөйгөндөн көбөйө берет. Андыктан өзгөчө кырдаалдардын алдын алып, аларга каршы даярдаган изилдөө иштеринде жана башка иш-чараларда гендердик жактан сезимтал ык-амалдарды өнүктүрүү керек. Бөтөнчө муктаждыктары бар аялдардын (кош бойлуулулар, бала эмизгендер, үй-бүлөнүн оорукчан мүчөлөрүн жана кары-картаңдарды баккан аялдар) абалы өзгөчө аярлуу болуп, айлана-чөйрөнүн шарттарына толугу менен көз каранды болушат, себеби алар өзүлөрүнүн бөтөнчө муктаждыктарын канааттандыра алышпаса өтө эле кыйын абалда калышат. Өзгөчө кырдаалдарда көрүлө турган иш-чараларды пландаштырып, жүзөгө ашырып жатканда аялдар менен балдардын кызыкчылыктары көп эске алынбайт. Өзгөчө кырдаалдардын саны көбөйүп кеткенде, калктын аярлуу катмарларынын (аялдар, балдар, кары-картаңдар) ден-соолугуна жана өмүрүнө чоң коркунуч туулат.

Эскертмелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Стратегия развития Общественной телерадиовещательной корпорации КР на 2013-2015 годы [Электронная версия]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://www.ktrk.kg/static/files/strategy.pdf
  2. 1992-жылдын 9-майындагы БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы. 2000-жылдын 14-январындагы КРнын №11 мыйзамы менен ратификацияланган.
  3. БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясына Киот протоколу (1997-жыл 11-декабрь, Киото). 2003-жылдын 15-январындагы КРнын №9 мыйзамы менен ратификацияланган.
  4. Пекин иш-аракеттер платформасы. [Электрондук версия]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://www.un.org/.../beijing/pdf/BDPfA%20R.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  5. Программа сектора здравоохранения Кыргызской Республики по адаптации к изменению климата на период 2011-2015 годы – Бишкек, 2011. – 75-бет.
  6. Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер, 2008-2012: гендердик жактан бөлүштүрүлгөн статистикалык жыйнак – Бишкек, 2013.
  7. Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер, 2008-2012: гендердик жактан бөлүштүрүлгөн статистикалык жыйнак – Бишкек, 2013.

Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 1. 1992-жылдын 9-майындагы БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясы. 2000-жылдын 14-январындагы КРнын №11 мыйзамы менен ратификацияланган.
  • 2. БУУнун Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясына Киот протоколу (1997-жыл 11-декабрь, Киото). 2003-жылдын 15-январындагы КРнын мыйзамы менен ратификацияланган.
  • 3. Пекин иш-аракеттер платформасы. [Электрондук версия]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://www.un.org/.../beijing/pdf/BDPfA%20R.pdf(жеткиликсиз шилтеме)
  • 4. 2013-2017-жж.карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өтүү боюнча улуттук программа жана план
  • 5. Программа сектора здравоохранения Кыргызской Республики по адаптации к изменению климата на период 2011-2015 годы – Бишкек, 2011. – 75-бет.
  • 6. Кыргыз Республикасындагы аялдар менен балдардын абалын мониторингдөө, көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөө, 2006.
  • 7. Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба жана суу чарбасы министрлигинин Суу чарба департаментинин башкы мүдүрү Б.Кошматованын Дүйнөлүк суу форумунда жасаган докладынан (Стамбул шаары, 2009).
  • 8. Кыргыз Республикасындагы аялдар менен эркектер, 2008-2012: Гендердик жактан бөлүштүрүлгөн статистикалык жыйнак – Бишкек, 2013.
  • 9. Атлас региональных карт природных опасностей высокогорья Памиро-Алая Кыргызской Республики и Республики Таджикистан / Устойчивое управление землепользованием в высокогорье Памира и Памиро-Алая – Интегрированная и трансграничная инициатива в Средней Азии / Университет Объединенных Наций (UNU); Программа ООН по окружающей среде (UNEP); Глобальный экологический фонд (GEF); Центральноазиатский институт прикладных исследований Земли, 2010 – 42 с. [Электрондук версия]. – Маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнүн режими: http://www.ehs.unu.edu.