Евгений Поливанов
Поливанов Евгений Дмитревич (28 (12). 2 (3). 1891, Россия империясы, Смоленск шаары – 25. 1. 1938, СССР. Москва облусу, «Коммунарка» полигону) – чыгыш тилдерин изилдөөчүсү, кыргыз таануучу, адабиятчы. 1912-ж. Петербург университетинин тарых-филология жана чыгыш практикалык академиясын (япон бөлүмүн) бир мезгилде бүткөн. 1918-жылдан Тышкы иштер эл комиссариатында Чыгыш өлкөлөр бөлүмүн башкарган, 1919-ж. Петроград, 1921-22-жылдары Петербург университеттеринде окутуучу, 1922–26-жылдары Ташкенттеги Орто Азия университетинин профессору 1926–29-жылдары Россия коомдук илимий институттар ассоциациясынын лингвистикалык бөлүмүн жетектеген, 1929–31-жылдары Самарканддагы Өзбек мамлекеттик илим-изилдөө институтунун, 1934–37-жылдары Фрунзедеги Кыргыз маданий курулуш интунун профессору болгон. Поливанов Евразия элдеринин 20дан ашык тилин билген жана жалпы тил илимин, япон, кытай, өзбек, дунган тилдерин изилдеген. Тарыхый фонологияга, тилдин эвол. теориясына негиз салган. Башка элдерге орус тилин окутуунун лингвистикалык методун биринчилерден болуп иштеп чыккан. «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү которгон. 1936-ж. «Манас» эпосунун орусча котормонун принциптери тууралуу докладдын тезисинде «Манас» эпосун орус тилине которуу боюнча баалуу сунуштар айтылган. 1937-ж. Фрунзеде камакка алынып, Москвага жөнөтүлүп, 1938-жылдын башында атылган, 1963-ж. акталган. Эмг.: Общий фонетический принцип всякой поэтической техники. М., 1963; Статьи по общему языкознанию. М., 1968.
Өмүр таржымалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1912-ж. Ленинград университетинин тарых-филология жана чыгыш практикалык академиясын (япон бөлүмүн) бир мезгилде бүткөн.
1917-ж-дан Тышкы иштер эл комиссариатында Чыгыш өлкөлөр бөлүмүн башкарган.
1919-26-ж. Петроград, кийин 1926-29-ж. Москва Чыгыш таануу, 1929-34-ж. Орто Азия (Ташкен), 1934-жылдан Кыргыз маданий курулуш институтунун (Бишкек) проф. П. Евразия элдеринин 20дан ашуун тилин билген.
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эмгектеринде негизинен кытай, япон, өзбөк, дуңган, кыргыз жана жалпы эле тил илими жөнүндөгү проблемалар изилденген. «Манас» эпосун изилдеген илимий тезистери, макалалары ошол кездеги басма сөз беттеринде жарык көргөн.
Эпостун айрым сюжеттерин орус тилине которгон.
Бишкекте (1937) камакка алынып, Москвага жөнөтүлгөн.
1938-ж-дын башында атылган, 1963-ж. акталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9