Мазмунга өтүү

Жаздык

Википедия дан
Жаздыктар

Жаздык — сайма аркылуу бүткөн жүк буюму. Сайма өнөрүнүн жүзүн ачуучу жаздык (балыш) башка жаздалат. Жүктүн үстүнө же өзүнчө катар жыйылат. Сайма жана курак аркылуу бүткөн мунун кичинекейин (30x45 см), «балыш» узун келип, эки адам жазданууга шартташса (110X50 см), аны жаздык деп айтат. Буюмдун маңдайкы бетине «илме дос» саймасы менен «тикме сайма», «тогуз төбө», «ай кеште», «кайкалак», «тескери кайкалак», «допу талаа» өңдүү көчөттөрү жупташа түшүп, жөнөкөй кездемелер менен тышталып, ичине көбүнчө кебез салынат.

Илгери жаздык бөз жана таар менен да тышталып, ичине саман, чөп да салынган. Саймачылар муну жасоодо үлгүлөрүн колдон-колго арбын өткөрүшөт. Алар буюм бетиндеги көчөттөрү өңүн байчечекейдей ача билүүгө өтө чебер келишет. Буга көбүнчө кызыл, көк, сары, кара өңдөр ич ара такай катышат.

Түштүк Кыргызстандын (Лейлек, Баткен, Ноокат, Алай өңдүү («ичкиликтер» жашаган жакта) аймактарына бөтөнчө мүнөздүү бул кооз буюм азыр да мыкты өнүгүп, жүктүн жарашыгын берип турат.

Балышка (жаздыкка) көчөт түшүрүүнүн бөтөнчөлүктөрү көрүнөт.

Биринчиден, буюм үч табакчадан турат да, анын саймалары жыш берилет. Табакча четтерине ак жиптен «суу» түшүрүлөт. Анын ичине «кой* кайкалак», «сынар мүйүз», «ит куйрук» көчөттөрүн берүү салтка айланууда. Экинчиден, ар бир табакчада курак өнөрү менен «илме дос» эриш-аркак катышкан кездери бар. Андан «каркыра курак» ак-карадан түшөт да, анын ичине «суу» чуркатып, төрттөн эки көчөт айкалышат да, ортосунда өзөктөн өзүнчө «карга тырмак» көчөтү орун алат. Эгер «каркыра курактын» ордуна ак-кызылдан ошого окшош көчөттөр түшсө, ал «бычак учу», «араа тиш» болуп өткөрүлөт.

Түштүк саймасынын жердиги жана ага түшкөн кооздуктар түп тамырынан бери бөтөнчөлөнүп турат. Ал майда туштуктардан, балыш менен жаздыктардан мыкты баамдалат. Мында «илмедос» саймасы зор орунду ойнойт. Мындагы көркөм көчөттөрдүн негизин «кайкалак көчөтү» түзөт. Бул — ушул аймактагы элдик көчөттөрдүн ата башы. Анын элементтерин ичине-сыртына кайталай саят. Көркөм көчөттүн жердиги чий макмалдан (чий баркут) болот да, ага мулина жипти көбүрөөк пайдаланышат. Ал эми түк макмал (момосуй) анын ортолугуна эндейлене түшөт.

Сайма көчөттөрдүн көркүн түс чечет. Мында уздар жашыл, ачык кызыл, кочкул кызыл, сары өңдөрдү бири-бирине билгичтик менен жупташтырат. Жашыл өң көчөттүн элементтеринин жалбырагы болсо, ачык кызыл анын үстү жагына берилет да, жалбырактын асты көлөкөлөнө түшүп, күүгүм жашыл көрүнгөндүктөн ага кочкул кызыл өңдү берет. Эгер уз «кайкалак көчөтүн» тандаса, буюмдун жердигин карадан алат. Ага кызыл өң айкалышат. Кызыл жердикке кара жип да так ошондой шартташат. «Топ гүл» көчөтүм түшүрсө, мунун өзөгүнүн ортосун сары жип ачат. Гүлдүн так өзүн көркөм көчөттөрүнө берүү саймачылык өнөрүнүн салтына анча коошо бербейт. «Кайкалак көчөтү» бир гана жип менен жүзүнө чыгат. Ал тарам-тарам бутактанып, көчөт элементтери уламдан-улам уланып кете берет. Мында сыртында «кайкалак көчөтүнүн» канча элементи чыкса, ичинен да так ошончосу пайда болот.

Чеберлер сайманын «илме дос» ыкмасын курак өнөрү менен жупташтырып, буюм жасоого өтө уз келишет. Бул көркөмдүк жаздык менен балыштан баамдалып турат. Анда «кайкалак көчөтү» башкы мааниге ээ. Жаздыктын саймасы табакча-табакча болуп келет. Муну «топ гүл» деп да коет.

Ал эми «кайкалак көчөтү» бир нечеге бөлүнүп кетет. Аларга «сыңар кайкалак», «кырк шак кайкалак» (биринен кийин бири улаштырылып отурат), чөмүч сабы кайкалак», «иймек» (биринин артынан бири иймек болуп, тегеренип түшөт). Алсак, жаздыкта «алты көз» (алты табакча), ал эми балышта «үч көз» (үч табакча) түшүрүү салттуулукту аныктайт. Көркөм көчөттөрдү кыйыштырууда жалпы окшоштуктар жана өз ара уздук чыгармачылык изденүүлөр боюнча бири-биринен окчун айырмаланган жагдайлары баамдалат.

Уздарда «тогуз дөбө» көчөтү, адаттагыдай, табакча-табакча болот. Мисалы, бир жаздыкта үч көчөт түшүп, анын өзөгүн «тогуз дөбө» ээлеп, четтерине «мүйүз оюмдары» берилип, алардын үстүнөн «карга тырмак көчөтү» өзүнчө бутактанып кетээрин көрүп турабыз.

Мында «тогуз дөбөнүн» айланасына төрт «кочкор мүйүз» менен «кош мүйүздү» айкалыштыра берүү аркылуу уздар сайма буюмдарын жүзүнө чыгарат. Үч «жүрөкчө көчөтү» бир табакча түзүп, анын ар биринде төрт жүрөкчө болот. Мында түшкөн табакчалардын араларына «суу» жүргүзүлүп, көчөт ортолорунан өзүнчө көчөттөрдөн көчөт элементтери туундуу катары чыгат.

Буюмдарда көркөм табакчалардын ичинен төрт «кочкор мүйүз» төрт «карга тырмак» көчөтү биригип, өзүнчө өзөк болот. Мындай көчөттөрдүн сыртынан ичке жээк (четтик көчөттүн берилиши үчүн өзүнчө жол) түшүп, ортолорунан бычак учуланган, араа тиштенген, толкун сызыктанга «суу» берилет.

Баткендик уздардын жаздыктары бир серепчеленген адамдарга баары бири-бирине окшоштой туюлат. Мында жалпы колорит бар. Бирин көрүп бири узангандай, бирине-бири үлгү бергендей, ич ара таасир алгандай, өзүнчө изденбей эле жапырт тууроо адаты биринчи планда тургандай сезилет. Айтсак, оюм-көчөттөрдү кыйыштырууда түс чоң роль ойнойт. Аны тандоодо уздар эч кандай жаңылышпайт. Кайра алардын уздук татымы бири-бирине өтөт. Бул керемет өзүнчө жасалга үчүн тигилген балыш-жаздыктардын көркөм көчөттөрдөн даана таанылат. Ушундай бөтөнчөлүктөрдөн улам жалпы мүнөздүү уздук белгилер келип чыгат.

Эгер көчөттүн коозу жана көлөмдүүсү «тогуз дөбө» ак түстө болуп, табакчалардын өзөгүн түзсө, анын тегерегине төрт «карга тырмак» менен төрт «кочкор мүйүздү» алмаштырып берүүгө болот. Бул аймакта «жылдыз көчөттөрү» да арбын пайдаланылат. Андай кезде булардын ичине кичине «ала мончок» берип, кызылдан «күн карама көчөтүн» жыш толтуруп, алардын араларына «суу» жүргүзүү аркылуу буюмдун жүзү ачылат. Демек, балышта-жаздыкта өрмөк согуу, килем токуу, чырмакчылык көчөттөрү өз ара катыш жасайт да, аларды айкалыштырып түшүрүүдө уздардын кыялы кайда жетелесе, ошол тарапка бурулуп турулат.

Бир эле жаздыкта беш табакча көчөт түшөт да, ал «мүйүз көчөтүнөн» туруп, арасынан «жарым чагармак» орун алат. Ошол ар бир табакчалардын арасын «аламишек» бөлүп берет. («Аламышек» бизче саймада «суу» дегенди түшүндүрөт. «Аламыч», — «Ала мончок» да саймада «суу» дегенди түшүндүрөт. «Аламыч», «Ала мончок» деп атаса да болот. Көчөт араларын бөлө турган, чуркатылган «сууну» Баткен, Лейлек тараптагы уздар «Аламишек» дейт). Мындай көркөм көчөттөр жеңдин учунан алынган. Илгери жеңдин жарымына мына ушундай мүрзөк коюла турган. Бул «жеңинин теңи сайма экен» деген түшүнүктү берет. Мында «көптүрмө сайма» боюнча узануунун бөтөнчөлүктөрү да байкалат. Мунун белге байлана турган жоолукка-оромолго, жаздыкка көркөм түшкөн четки (жээк) саймасы (күңүрө) деп айтылат. Ал бир аз жоонураак берилет да, көчөт «суу» катары көрүнөт. Аны жогорудагыдай «алмишек» деп атаса да болот.) Анын ортолук көчөтү үчүн «кызгалдак». өңдүүлөрдү уздар арбын берет. Далпы алганда берилүүчү сайма кооздуктарынын ич ара айкалышынын эни тайкыраак келет.

Жаздыкта «Чекас саймасын» уздар учукту ийнеге жипти жоонураак кылыңа өткөрүшүп «кеште» түшүрөт. Ал «аламишек» болуп көрүнөт. Албетте, мындай саймалар аз жолугушат. Мындай сайманы «секиртме сайма» десе да болот. Анда негизги сайма көчөттөрү берилбейт да, бир гана жиптер ирээти аркылуу түшүп, өңдөрү ачылып турат.

Буюмда басма сайма менен «жүрөк көчөттү» шартташса, мында «чагармак көчөтү» мүнөздүү келет. Анда беш көчөт табакчалары бир буюмдун жалпы кооздугун түзөт да, араларына ошол көчөттөрдүн жарымы бурч көчөтү болуп түшөт. Андагы «аламишек» (суу) ак-кызылдан ар кандай өңдө берилип, көчөттөр сайма түрлөрүнө ич ара алмаша берилет. Биринен-бирине өтөт. Анткени менен аларды саюу, көчөт-оюм түшүрө аракеттери ар башкача болуп, уздун уздугу аларды жогорку чекке көтөрөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]