Жайчы

Википедия дан

Жайчыжайташтын магиялык күчү менен аба ырайын өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ киши. "Манас" эпосунда көбүнчө аярлар жайчылык өнөргө ээ. Түрк-моңгол элдеринин оозеки чыгармаларында күндү жайлоо жөнүндө көп айтылат. Мындай сюжеттик мотив "Манас" эпосунан да орун алган. Жайчылык башкы оң каармандардын ичинен Алмамбетке гана мүнөздүү. Алмамбет бала кезинде Аберген деген көлдөгү укмуштуу ажыдаардан жайчылыктын, аярлыктын окуусун окугандыгы эпосто кеңири баяндалат. Ал Ж-лыгы менен агыны катуу суудан өзү тараптагы жоокерлерди аман өткөрүп, душманды суукка үшүтүп, жеңишке жетишкен учурлары болот. Анын жайчылыгы чоң казатта айрыкча элестүү сүрөттөлөт:

Каптап кытай келгенде,

Караандуу жоону көргөндө,

Күндүзү бүркөк, түнү ачык,

Ала канчык шыбыргак,

Алмамбет жайын салды эле:

Ошондо бөксөнүн башы мөндүрлөп,

Жаканын баары жамгырлап,

Асмандан булут сабалап,

Көктөн булут күркүрөп,

Жер жүзүнө камалып,

Тик каптаган кытай журт

Күн көрөргө зар болуп,

Согуш кылган чоң майдан

Найза бою кар болуп,

Жай убакта кыш болуп,

Жабылган кытай, көп манжу

Ошондо кыңшылаган кыз болуп ( Саякбай Каралаев, 2. 194).

Душман бир жагынан суукка тоңсо, экинчи жагынанМанас баатыр баштаган кыргыз жоокерлеринин катуу чабуулунан кырылат. Эпосто жайчынынын чагылдырылышы табияттын ар кандай кубулуштарынын ички сырларын үйрөнүүгө, аны адамдын эркине баш ийдирүүгө болгон ой-мүдөө болуп эсептелет.

Кошумча кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4