Жалпакдөбө, көрүстөн

Википедия дан

Жалпакдөбө көрүстөнү – 3–4-кылымга таандык археологиялык эстелик. Алай өрөөнүнүн Сарыташ кыштагынын түштүгүндөгү Демей колотунда жайгашкан. Ички түзүлүшү боюнча жөнөкөй тик бурчтуу жана жарма көр түрүндө болгон. Дөбөлөрү топурактан жана таш аралашмасынан турган. Жалпакдөбө көрүстөнүнөн оймо-чиймелүү, капталында эки арстандын башы түшүрүлгөн кооз айнек ваза, алтын беткеп, майда алтын буюмдар жана тыйындар табылган. Археолог А. Абетеков тарабынан изилденген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.