Жалпылоо

Википедия дан

Жалпылоо (орус. обобщение) – каралып жаткан чөйрөдөгү нерселердин жалпы белгилерин (касиеттерин, алакаларын, өнүгүү тенденцияларын ж. б.) абстракциялык жол менен аныктоо аркылуу жекечеден жалпыга, төмөнтөн жогоруга карай өтүүсүнүн логикалык процесси (Мисалы: «жылуулук» түшүнүгүнөн «энергия» түшүнүгүнө, Евклиддин геометриясынан Лобачевскийдин геометриясына өтүү); о. эле Жалпылоо деп логикалык өтүү процессинин жалпыланган түшүнүк, пикир, илимий мыйзам, теория сыяктуу натыйжалары да айтылат.

Алынган жалпы билимдер курчап турган чындыкты чагылдыруунун тереңдигин, анын маңызына сүңгүп кирүүнүн мүмкүнчүлүгүн билдирет. Формалдуу логикада түшүнүктөрдү Жалпылоо деп түрдөн тектик түшүнүктөргө өтүүнү түшүнүшөт. Мында түрдүк белгилер четке кагылгандыктан, тектик түшүнүктүн мазмуну бир кыйла тар мүнөзгө ээ болот (Мисалы: «кайың» түшүнүгүнөн «бак-дарак» түшүнүгүнө өткөндө кайыңга тиешелүү өзгө-чөлүү белгилер четке кагылат). Ж. процессине карама-каршы процесс болуп чектөө эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]