Жамааттык

Википедия дан

Жамааттык(Общность) –

1) метафизикалык мааниде биргелешип жашоо же алакалашуу категориясы (лат. commersium) категориясы катары Лейбниц менен Канттын эмгектеринде кездешет;
2) социологиялык мааниде бирдей текке, окшош көз караштарга, жалпы тагдырга жана максатка ээ адамдардын биргелешкен табигый (органикалык) турмуш-тиричилигин түшүндүрөт.

Мындай мааниде Жамааттар социалдык топ, кесип, жашаган жер, диний өзгөчөлүк ж. б. социалдык жалпы белгилерге ээ адамдардын кандайдыр бир жалпылыгын мүнөздөйт. Аталган өзгөчөлүктөрү аркылуу жаматтар рационалдуу негизде уюшулган жана кандайдыр бир максатка ээ коомдон айырмаланат. Коом менен Жамааттын ортосундагы айырмачылыктарды алгачкы жолу Тонье («Gemeinschaft und Gesellschaft», 1887) аныктаган.

Типтүү Жамааттар болуп үй-бүлө жана эл эсептелет; үй-бүлө өз ара сүйүүнүн, мүлктүн жана тагдырдын жалпылыгына негизделсе, эл жалпы рухтун, тилдин, маданияттын жана тагдырдын алып жүрүүчүсү болуп саналат.

Адам Жаматтарынын маңызы, айрым индивиддердин Жамааттарга болгон мамилеси социология менен социалдык психологиянын изилдөө предмети болуп саналат. Адамдардын жалпы турмушу экзистенционализмде да маанилүү орунду ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]