Жамансариев, Асанбай

Википедия дан

Жамансариев Асанбай [1904, Каракол уезди, Түп-Күрмөнтү болушу, Теңизбай айылы (азыркы Ак-Суу району, Тепке айыды) — 1938, Бишкек ш.] — партиялык жана мамлекеттик ишмер.

1915-ж. Кызыл-Суу (Жети-Өгүз району) орус- жергиликтүү мектебин бүтүргөн. 11 жашынан Караколдогу орус, татар, дуңган көпөстөрүнүн кушканасында, тегирменинде, тери заводунда жумушчу болуп иштеген.
1921-ж. Алматыдагы батрачкомдордун 6 айлык курсун бүтүрүп, Кыргыз-казак агартуу институтунан 1923-жылга чейин окуган.
1923-ж.. Ташкендеги Орто Азия Комуниверситетине (САКУ) которулуп, аны 1926-ж. бүтүргөн. Ошол жылы Нарын кантондук комсомол комитетине катчы (1927-ж. келте менен ооруп айылына келген) болуп иштеген.
1927-ж. большевиктер партиясынын катарына өткөн.
1928-жылдан Каракол кантондук аткаруу комитетинин уюштуруу бөлүмунун башчысы, төрагасынын орун басары, 1930-жылдан Талас кантонунун Рыков (азыркы Кара-Буура) райкомунун 1-катчысы, 1933-ж. 27-апрелде республиканын Эл комиссарлар Советинин иш башкаруучусу болуп дайындалган.
1934-ж. февралдан СССР Борбордук Аткаруу Комитетинин алдындагы Кыргыз Республикасынын туруктуу элчиси (Москва). Ошол кызматта турганда 1939-ж. Москвада өткөрүлө турган Кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасына даярдануу ишине чоң эмгек сиңирген. Профессионал кыргыз маданият ишмерлерин даярдоого кыйла салым кошкон.
1937-ж. май айында Кыргыз АССР искусство комитетинин төрагалыгына дайындалган.
1930—37-жылдары Кыргыз АССР Аткаруу Комитетинин мүчөсү. 1937-ж. 20-октябрда «эл душманы» деген жалган жалаа менен камалып, 1938-ж. атылган.
1956-ж. толук акталган. Сөөгү 1991-ж. «Ата-Бейит» көрүстөнүнө кайра коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.