Жанчаров Ырызалы

Википедия дан
Жанчаров, Ырызалы‎»‎ барагынан багытталды)
Жанчаров Ырызалы
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Ырызалы Жанчаров
Туулган жылы: 1948-жылы 13-январь
Туулган жери: Авлетим айылы, Аксы району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Акын, журналист


Акын, жазуучу жана журналист Ырызалы Жанчаров Аксы районунун Авлетим айылында 1948-жылы 13-январда туулган. 1969-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөндөн кийин Аксы райондук «Жаңы турмуш» гезитинде адабий кызматкер, жооптуу катчы, редактордун орунбасары болуп иштеп, 1972-жылы комсомолдун Жаңы-Жол райкомунун катчысы болуп шайланган. 1975–1977-жж. Ош облусунун Алай райондук «Күжүрмөн эмгек» гезитинде редактор болгон. 1977–1979-жж. Ташкендеги Жогорку партиялык мектепте окуган. 1979–1987-жж. Баткен райондук «Кызыл-Туу» гезитинин редактору, 1987-жылы Ош облустук «Ленин жолу» гезитинин редакторунун орун басары, 1988–1990-жж. Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун массалык маалымат каражаттары менен иштөө жана коомдук пикирлерди иликтөө секторунун башчысы болгон. 1991–1992-жж. Жалал-Абад облустук «Акыйкат жарчысы» гезитин уюштуруп, анын башкы редактору болуп эмгектенген. 1992-жылы Жалал-Абад токой чарба башкармасынын аймактык инженери, 1994-жылы Авлетим айылдык Кеңешинин төрагасы, 1996-жылы Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы, 2000-жылы Ы.Акылбеков атындагы орто мектепте директор болуп иштеген. 1966-жылдан баштап ырлары, аңгемелери, публицистикалык чыгармалары, очерктери республикалык басылмаларда жарыяланып, 2004-жылы «Сапарга чыгуу» аттуу көркөм публицистика жана ырлар жыйнагы жарык көргөн. Бир нече жолу Кыргыз ССР Журналисттер союзунун катчылыгынын жана башкармалыгынын мүчөлүгүнө шайланып, Ош, Жалал-Абад облустук Журналисттер уюмунун башкармасынын төрагасы болуп келген. Эки жолу айылдык, беш жолу райондук Кеңешке депутат болгон. Ы.Жанчаров Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 1974-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 2004-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сапарга чыгуу: Көркөм публицистика жана ырлар. – Б., 2004.
  • Кут түнөгү тоолордо: Ырлар жана поэмалар – Б., 2009.
  • Ак ийилип сынбайт: Тарыхый роман - Б., 2013.
  • Каректеги аалам: Ырлар жыйнагы - Б.,2016.
  • Аксы - талант казынасы: Антология - 2016.
  • Мансап курмандыгы: Повесть, аңгемелер - 2016.
  • Ныязаалы Борош уулу: Поэма - 2016.
  • Мурас: Публицистикалык очерк - 2017.
  • Коогалаң доор: Тарыхый роман - 2019.
  • Устат: Публицистикалык очерк - 2019

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]