Жан-Жак Руссо

Википедия дан

Жан-Жак Руссо (фр. Jean-Jacques Rousseau).1712-жылдын 28-июнунда Женева шаарында төрөлүп, 1778-жылдын 2-июлунда 66 жашында Париждин жанындагы Эрменонвилде каза болгон. Француз жазуучусу жана философу – граждандык коомду мамлекетке кайра курулган коом катары мүнөздөйт жана аны коомдук келишимдин жардамы менен тактайт. «Коомдук келишим жана саясий укуктун принциптери» – деген эмгегинде Руссо элдик суверенитетти жактайт, элдин абсолютизмди кулатуу жана демократиялык түрдө шайланган өкмөттү бийликтен четтетүү укугу бар экендигин негиздейт. Ушул эмгегинде граждандык коом түшүнүгүн иш тажрыйба негизинде иштеп чыкты. Мындай саясий организмдин маңызы баш ийүүнү жана эркиндикти бир келишимге келтирүү экендигин көрсөтөт. Ал, элдик суверенитетинин принцибин жүзөгө ашыруу жалпы иш, – бул бардыгынын жана ар биринин башкарууга катышуусу, бул эркин жана көз каранды эмес элдин жашашынын ийгиликке жетишиши, эркин жана тең укуктуу граждандардын жалпылыгы. Элдик суверенитет өзүнүн өкүлдөрүнө жана аткаруучу бийликке реалдуу көзөмөлдөө жүргүзүү деп баса белгилеген.

Эркин тарбиялоонун таасирдүү теоретиги. Социалдык теңсиздикке, эгоизмге, ошол учурдагы бийликтин жана укуктун негиздерине каршы чыккан. Руссонун эстетикалык жана педагогикалык көз караштары «Эмиль, же тарбия жөнүндө» романында (1762) чагылдырылат. Руссонун пикири боюнча тарбия башкаруу формаларынын бардыгынын таянычы, ошондуктан ал коомдук мүнөзгө ээ. Ар бир индивиддин гана эмес мамлекеттин алдыга жылуусу да туура тарбия берүүдөн көз каранды.

Тарбия «адамдын табиятына шайкеш», башкача айтканда баланын курактык өзгөчөлүгүн эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Тарбиялоодо адамдын дүйнөнү сезүү аркылуу кабыл алуу жана өзүнө болгон сүйүү сыяктуу эки өзгөчөлүгүн кылдат эске алуу абзел. Окутуу менен тарбиялоо бүтүн нерсе, аларды бөлүп кароо мүмкүн эмес. Тарбиялоонун башкы максаты баланы турмушка, өз алдынчалуулукка даярдоо, ой жүгүртүүгө, адамдарга кең пейилдик менен мамиле кылууга, ар кандай шартта өзүн чечкиндүү сезүүгө үйрөтүү. Руссо ар бир курактын өзгөчөлүктөрүнө ылайык тарбиялоонун өзгөчө милдеттерин жана каражаттарын сунуш кылат. Бардык курактагы балдарды тарбиялоодо эмгекти башкы фактор катары карайт.

Руссонун ою боюнча табигый тарбия берүү 22–24 жашка чыгып, башкача айтканда адам үй-бүлө куруп өз алдынча турмуш күткөнгө чейин токтобостон өркүндөп олтурушу керек.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,