Жан кечтилер тобу (тасма)

Википедия дан
Жан кечтилер тобу
Suicide Squad

Чилиде көргөзмөгө жасалган "Жан кечтилер тобу"
Жанры

супер баатырдык тасма, илимий фантастика
боевик
комедия

Режиссёру

Дэвид Эйер

Продюсери

Чарлз Ровен
Ричард Сакл
Зак Снайдер (атк.)

Сценарийдин
автору

Дэвид Эйер

Башкы ролдордо

Уилл Смит
Марго Робби
Юэль Киннаман
Виола Дэвис
Кара Делевин
Жаред Лето

Оператору

Роман Васьянов

Композитору

Стивен Прайс

Кинокомпания

Warner Bros.
DC Entertainment

Узактыгы

123 мүнөт

Бюджети

175 млн $[1]

Кирешеси

&&&&&&0745600054.&&&&&0745 600 054 долл.[1]

Өлкө

 АКШ

Тили

Англисче

Жылы

2016

Мурдагы тасма

Бэтмен Суперменге каршы: Адилеттүүлүктүн шооласы

Кийинки тасма

Ажайып аял

IMDb

ID 1386697

«Жан кечтилер тобу» (англ. Suicide Squad) — "DC Comicsтин" ошол эле аталыштагы каармандарына негизделип 2016-жылы тартылган американын супер баатырдык тасмасы. Бул "DC Extended Universe" тасмаларынын үчүнчү чыгарылышы болуп саналат. Тасма комикстердеги белгилүү шумпайлардын негизинде тартылган. Буга чейин "Warner Brothers Production" кинокомпаниясы тарткан "Бэтмен Суперменге каршы: Адилеттүүлүктүн шооласы" деген тасманын уландысы катары эсептелинет.

Дэвид Айер тасманын сценарийин жазып жана тарктан. Ал эми тасмада тартылгандар: Уилл Смит, Жаред Лето, Марго Робби, Жоэл Киннамен, Виола Дэвис, Жэй Куртни, Жэй Эрнандез, Адевале Акиннуйе-Агбаже, Ике Баринхолц, Скотт Иствуд жана Кара Делевин.

2016-жылы, 1-августта алгачкы жолу Кошмо Штаттардын Нью-Йорк шаарында көрсөтүүгө берилген. Дүйнө жүзү боюнча 745 миллион АКШ долларын табуу менен тасма 2016-жылдын эң кирешелүү тасмаларынын бири болгон. Тасма негизинен терс сын-пикирлерге ээ болуп, тасманын окуясы, режиссёрдук иш жана каармандар катуу сынга алынган. Бирок Робби менен Летонун аткаруусу алкышка арзыган. Тасма чач жасалгалоо, грим, аткаруу жана музыкасы үчүн бир нече наамдарга көрсөтүлүп, бир канча жеңишке ээ болгон.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Супермендин АКШда каза болушу менен чалгынчылар өлкөдөгү жаңы коркунучтардан сактануу үчүн түрдүү жолдорду издей башташат. Чалгын кызматкери Аманда Уоллер табиятынан өзгөчө талантка ээ кооптуу кылмышкерлердин тобун түзөт. Ал топтун курамында психикалык оорулуу, гимнаст кыз Харли Квинн, буйрутма адам өлтүргүч Дэдшот, гангстер, от адам Эль Диабло, каракчы капитан Бумеранг, каннибал Крок жана атайын адам өлтүрүү боюнча окууну өткөн Слипкнот болот. Аманда бул кылмышкерлерди абактан чыгарып, полковник Рик Флагдын башкаруусуна өткөрүп берет. Ээ-жаа бербеген кылмышкерлер каалаган убакта тапшырманы аткарбай качып кетишин билген Аманда ар биринин моюнуна жардыруучу зат коюп, "ким качса, ордунда өлтүрүлөт!" деп коркутат. Полковник Рик Флаг жетектеген жан кечтилер тобуна берилген тапшырма – өлкөдө адамдардын өлүмүнө себепкер болгон түшүнүксүз затты жок кылуу болот. Бирок кылмышкерлерге бул чындык айтылбай, "террористтерге каршы күрөшөсүңөр" деп коюшат. Өлкө жарандарынын өмүрүнө коркунуч туудурган түшүнүксүз зат "Чародей" деп аталат. Дарыгер айым Жун Мун археологиялык табылга издеп жүрүп каргыш тийген статуяны ачып алган соң өзүнүн сыйкырдуу күчкө ээ болгонун байкайт. Жун Мун полковник Риктин сүйүктүүсү. Башында ал каалаганда кубулуп керектүү өлкөлөрдүн жашыруун документтерин алып келип, чалгынчы Аманда Уоллердин пайдасына иштеп жүргөн. Кийинчерээк Жун Мун касиеттүү күчүн башкара албай, тескерисинче, адамдарга кол сала баштайт. Чалгынчылардын максаты – кандай жол менен болбосун жезкемпирдин арбагы болуп кубулган, Жун Мундун келбетин жамынган Чародейди жок кылуу эле. Ал иш атайын даярдыктагы аскерлердин колунан келбээрин сезген Аманда Уоллер коркунучтуу кылмышкерлерди чогултуп Чародейди өлтүрүү тапшырмасын берет. Жан кечтилер тобу көптөгөн тоскоолдук, кыйынчылыктар менен Чародейди жок кылышат. Өлкө жетекчилиги оор кылмышкерлерге сыйлык катары 10 жылдан жаза мөөнөтүн кыскартып берет.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёрлор курамы
N Актёрлор Каармандык ролу
Уилл Смит[2][3] Флойд Лоутон / Дэдшот
Марго Робби[4][2][3] доктор Харлин Квинзель
Юэль Киннаман Рик Флаг
Жай Кортни[2][3] Диггер Харкнесс
Кара Делевинь[2][3] Жун Мун / Чародейка
А.Акиннуойе-Агбаже[5][6] Уэйлон Жонс
Карен Фукухара[7][8] Тацу Ямасиро / Катана
Жей Эрнандес[9] Чато Сантана / Эль Диабло
Адам Бич[7] Кристофер Вайс / Слипнот
Виола Дэвис Аманда Уоллер
? Жаред Лето[2][3] Жокер
? Скотт Иствуд[10][11] лейтенант Жи Кью Эдвардс
? Айк Баринхолц[7] Григгс корукчулардын башчысы
? Жим Пэррак[7] Жонни Фрост
? Бен Аффлек[7] Брюс Уэйн / Бэтмен(камео)
? Эзра Миллер[7] Барри Аллен / Флэш|(камео)

Келечек[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын орто кредиттик сахнасы 2017-жылы тартылган "Адилет лигасы" тасмасына алып келет. Мындан тышкары, иштелип чыгууда деп жарыяланган бир нече спин-офф жана уландылары бар:

Уландысы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2019-жылдын февралында Марго Робби Харли Куинндин ролун кайталай турганы тастыкталды.[12] 2019-жылдын март айында The Hollywood Reporter журналы Идрис Эльба пландагы чыр-чатактардан улам окууну таштап кеткен Уилл Смит ордуна Дэдшоттун ролуна тартылганын жарыялады.[13] 2019-жылдын апрелине чейин Дэвид Дастмалчиан менен Даниэла Мелкиор Полка-Дот адам жана келемиш кармоочунун ролуна тартылышкан, ал эми Джон Сина Тынчтыкты орнотуучу ролу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан.[14][15][16]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Suicide Squad (англ.). Box Office Mojo. IMDb.
  2. 2.0 2.1 2.2 2.3 2.4 Justin Kroll. ‘Suicide Squad’ Cast Revealed: Jared Leto to Play the Joker, Will Smith is Deadshot. Variety (2 -декабрь (бештин айы) 2014). Текшерилген күнү 7 -март (жалган куран) 2016.
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 Borys Kit. It's Official: 'Suicide Squad' to Star Will Smith, Jared Leto, Margot Robbie and More. The Hollywood Reporter (2 -декабрь (бештин айы) 2014). Текшерилген күнү 7 -март (жалган куран) 2016.
  4. Goldberg, Matt Exclusive: Margot Robbie to Play Harley Quinn in SUICIDE SQUAD (November 10, 2014). Текшерилген күнү 10 -ноябрь (жетинин айы) 2014.
  5. Sneider, Jeff. ‘Lost’ Alum Adewale Akinnuoye-Agbaje to Play Killer Croc in WB’s ‘Suicide Squad’ (Exclusive) (англ.). TheWrap (31 March 2015). Текшерилген күнү 1 Апрель 2015.
  6. Adewale Akinnuoye-Agbaje to Play Killer Croc in WB’s ‘Suicide Squad’ (Exclusive). TheWrap (March 31, 2015). Текшерилген күнү 31 -март (жалган куран) 2015.
  7. 7.0 7.1 7.2 7.3 7.4 7.5 Ayer, David. Cast read through today! #SuicideSquad (англ.). Твиттер (8 April 2015). Текшерилген күнү 9 Апрель 2015.
  8. Adewale Akinnuoye-Agbaje To Play Killer Croc; Karen Fukuhara Rumored For Plastique In 'Suicide Squad', latino-review.com (March 31, 2015). Архивировано из первоисточника 14 Апрель 2015. Текшерилген күнү 1 Апрель 2015.
  9. Snieder, Jeff Jay Hernandez Joining Will Smith, Jared Leto inn WB's Suicide Squad (Exclusive). The Wrap (February 18, 2015).
  10. @ScottEastwood confirms to #etalk he's been in Toronto working on #SuicideSquad. More to come tomorrow (англ.). etalk (29 March 2015). Текшерилген күнү 1 Апрель 2015.
  11. Scott Eastwood Confirms 'Suicide Squad' Role to ET (англ.). Entertainment Tonight (30 March 2015). Текшерилген күнү 1 Апрель 2015.
  12. Why David Ayer Is Directing Gotham City Sirens Instead Of Suicide Squad 2.
  13. Hughes, Mark Why The Future Of DCEU Movies Looks Brighter Than Ever (Updated) (13 -февраль (бирдин айы) 2019).
  14. Goldberg, Matt 'The Suicide Squad' Casts David Dastmalchian as Outlandish Villain (29 Апрель 2019).
  15. Newcomer Daniela Melchior Eyed For Ratcatcher Role in 'Suicide Squad' Sequel (EXCLUSIVE) (30 Апрель 2019).
  16. Kroll, Justin John Cena Eyed for 'Suicide Squad' Sequel (EXCLUSIVE) (17 Апрель 2019).