Жаңарттын-Башы мөңгүлөрү

Википедия дан

Жаңарттын-Башы мөңгүлөрүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги эки мөңгү (Батыш жана Чыгыш Ж. м.). Какшаал кырка тоосунун түндүк капталында, Ак-Шыйрак суусунун алабында жайгашкан.

Батыш Жаңарт мөңгүсүнүн Узундугу 9,5 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5335 м, этеги 3530 м бийиктикте жатат. Эски морена мөңгүнүн азыр- кы этегинен 1,6 кмге ылдый жатат. Эте- гинде тоо тектердин сыныктары үйүлгөн. Мында мөңгүнүн бетинен бир нече метр бийик жаткан эки ортоңку морена аяктайт. Морена менен мөңгүнүн ортосу аркы- луу мөңгүнүн эриген суусу пайда кылган терең жыралуу нук жатат. Оң жакта- гы ортоңку морена мөңгүнүн этегинен төмөн карай уланып кетет. 1943–62-ж. мөңгү 400 мге тартылган. Чыгыш тара- бында, мурда анын бир тармагы болгон.

Чыгыш Жаңарт мөңгүсү жатат. Узундугу 8,2 км, аянты 10,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4940 м, этеги 3630 м бийиктикте жатат. Бул мөңгү негизги өрөөнгө карата асылма мөңгү болот (200–250 м бийик жатат). Калыңдыгы этегинде 70 м. Капталдардагы мореналардын калыңдыгы 30–40 мге жетет. 1943–62-ж. 190 м тартылган. Мөңгүлөрдөн агып чыккан суулар Жаңартка оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]