Жаңарт мөңгүсү

Википедия дан

Жаңарт мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосунун түндүк капталынан агып түшкөн Жаңарт суусунун төрүнөн орун ал- ган. Узундугу 11,3 км, аянты 15,3 км2. Дээрлик меридиан багытында жатып, аяк бөлүгү гана түндүк-чыгышка имерилет. Эки жеринде муз кескин эңкейиштеп тепкич сымал жаракаларды пайда кылат. Мөңгү жогору жагынан туташ фирн талаасы ээлеген тоо капталдары менен курчалган. Капталдарынан кар көчкү жүрүп турат. Мөңгү- нүн башы деңиз деңгээлинен 5160 м, этеги 3900 м бийиктикте жатат. Этеги бийикт. 15–20 м келген морена догоосу менен курчалган. Мөңгүдөн Жаңарт суусу башталып, Ак-шыйрак дарыясына оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]