Жаңылмач

Википедия дан

Жаңылмач — айтууга кыйын болгон уйкаш муундардын, сөздөрдүн туташ келишинин негизинде түзүлүп, ылдам айтканда жаңылып, сөздү так айта албай кала турган сөз тизмектери; фольклордук күлкүлүү чакан жанр. Тыбыштардын окшоштугу жаңылмачтардын айныбас композициялык принциби. Ошондуктан Ж-та көркөм сөздөгү добуштук окшоштуктарды жаратуучу аллитерация, ассонанс, анафора, тавтология, эвфония, рифма, редиф сыяктуу формалар жыш учурайт. Ал айтылышы үндөш тыбыштардан турган сөз тизмектеринен атайын курулуп, жаш муундарды өз эне тилинде так жана уккулуктуу сүйлөөгө, чечендикке, көркөм сөздү кастарлоого тарбиялайт.


Кой жыйырмага чыкпай картаярбы,
Картайган койду тартайган койчу кайтарабы,

Мына бул арал — кой арал,
Күгүрүмдун кең арал эл аралар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5