Жаңы-Жер, суусу

Википедия дан
Жаңы-Жер
Мүнөздөмө
Узундугу 27 км
бассейндин аянты 172 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ысык-Көл облусу
Район Ак-Суу району

Жаңы-Жер - Ак-Суу районунун аймагындагы суу, Сары-Жаздын сол куймасы. Какшаал кырка тоосунун түндүк-батыш жана Май-Баш кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталдарынан агып түшөт. Узундугу 27 км, алабынын аянты 172 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3700м. Суу куралуу облусуна кирет. Май-Баш ашуусундагы мөңгүдөн башталып, колот аркылуу агып, Сары-Жаз дарыясына жайылып куят. 5 куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 2–3 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы январь–февралда байкалат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2