Жаң-Жуң

Википедия дан

Жаң-Жуң (кыт. цзянцзюнь; цзян — генерал, командачы; цзюнь — аскер, армия) — генерал-губернатор. Цин империясы Чыгыш Түркстанды басып алгандан (1758) кийин бул чөлкөмдө бийлигин бекемдөө максатында 1764-ж. Иле өзөнүнүн жээгинде Хой-Юан-Чен (азыркы Кулжа шаары) шаарын негиздеп, жалпы аймакты башкаруу үчүн атайын генерал-губернатор (жаң-жуң) дайындаган. "Цзянцзюнь" деген сөз вице-Король же Чыгыш Түркстандын генерал-губернатору, ошону менен бирге бул өлкөдө жайгашкан бардык аскердин башкы командачысы" (Ч. Валиханов, Чокан . Собр. соч. т. 2. А.-А. 1982).

"Манас" эпосунун негизги варианттарынын баарында Манас башында турган Орто Азия элдеринин биргелешкен согушу ушул Ж.-ж-га каршы жүргүзүлөт. Мисалы, "Жаң-жуң, сундуң — баарысы Жабылып келип калышты" (Сагымбай Орозбаков, 2. 22; 4. 226, 344). "Мага өткөрө баатыр эр келсин Жаң-жуңдардын шаарынан" (БС, "Манас", Кол жазмалар фондусу, 1090-инв., 672-б.), "Ошондо Жаңжуң баштап кан өлүп, Жалгыз жүрөт Коңурбай" ( Саякбай Каралаев, 2. 230). Демек, кыргыздардын жана ага коңшу жашаган элдердин (өзбек, казак, уйгур, тажик жана башкалар) Ж.-ж-га каршы күрөшү Чыгыш Түркстандагы кытай баскынчыларына каршы боштондук күрөш экендиги ачык көрүнөт. Саякбай Каралаевдин варианты нын "Чоң казат" эпизодунда Айжаңжуң, Күнжаңжуң деген каармандар согуштук окуяларга активдүү катышкан кейипкерлер болуп эсептелет.

Баатырдык эпостордун согуштук окуяларынын салттык түзүлүшү боюнча душман тарабы жеңилген соң, башкы же негизги каармандардын бири анын падышасынын же улуу даражалуу адамдарынын биринин кызына үйлөнөт. Ошондуктан, кытай тарабы жеңилгенден кийин Эсенкандын кызына (Бурулча) Алмамбет үйлөнөт ( Сагымбай Орозбаковдун варианты). Айжаңжуңдун кызы Бирмыскалга Чубак үйлөнөт (Саякбай Каралаевдин варианты ), Ж.-ж-дун кызына Алмамбет үйлөнөт (Багыш Сазановдун варианты) жана башкалар.

Демек, Ж.-ж. деген термин душман тарабындагы каарман катары 18-кылымдын 2-жарымынан кийин гана эпоско катмарлана баштаган. Асыресе, 19-кылымдагы жергиликтүү (уйгур) жана коңшу элдердин (кыргыз, казак, өзбек, тажик жана башкалар) боштондук көтөрүлүшүн кытай башкаруучуларынын баскынчылык образдарын кийинки айтуучулар арбытып сүрөттөп, окуяны кеңейтип баяндашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4