Жейми Фокс

Википедия дан

Эрик Марлон Бишоп (англ. Jamie Foxx;1967-жылы 13-декабрда туулган) — Жейми Фокс деген сахна аты менен белгилүү. Америкалык актер, ырчы, композитор, музыкалык продюсер жана куудул. Ал «Оскардын» «Эң мыкты актер» наамына, «БАФТАнын» «Башкы ролдогу эң мыкты актер», «Рэй» биографиялык тасмасында Рэй Чарлздын ролун аткарганы үчүн 2004-жылы «Алтын глобустун» «Эң мыкты актер — мюзикл же комедия» сыйлыктарына татыган. Ошол эле жылы ал «Ортоктош» криминалдык тасмасындагы ролу үчүн «Оскардын» «Экинчи пландагы эң мыкты актер» номинациясына көрсөтүлгөн. 2017-жылдын жаз мезгилинен тарта Фокс «Fox» телеканалындагы «Shazamдан озуп кет» берүүсүнүн алып баруучусу жана башкы продюсери катары иштеп келатат.

Ал роль жараткан эң белгилүү тасмалар «Жөө аскер» (2005, сержант Скайс), «Майамиполициясы» сериалы (2006, детектив Рикардо Таббс), «Кишенден бошотулган Джанго» (2012), «Жаңы жөргөмүш адам 2» (2014) болуп эсептелет. Ошондой эле Фокс 1990-1994-жылдарда «Жандуу түстөр» комедиялык шоусунда жана өзүнүн «Жэйми Фокс шоу» аттуу комедиялык берүүсүндө Жэйми Киңдин ролунда 1996-жылдан 2001-жылга чейин катышкан. Ал 2014-жылдагы «Энни» тасмасында Уилл Стэкстин образын жараткан.

Андан тышкары Фокс «Грэмми» сыйлыгын утуп алган музыкант. Анын төрт альбому Американын «Billboard 200» рейтингинде мыкты ондукка кирген. Алар: рейтингде алдыңкы болгон «Алдын ала айтылбаган» (2005), «Интуиция» (2008), «Жашоомдун эң мыкты түнү» (2010) жана «Голливуд: Он эки розанын окуясы» (2015) альбомдору болуп саналат.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]