Мазмунга өтүү

Жеке бул саясий

Википедия дан

Жеке бул саясий — 1960-жылдардын аягындагы студенттик кыймылдын жана экинчи толкун феминизмдин урааны катары колдонулган саясий ураан. Бул ураан 1970-жылы феминист Кэрол Хаништин 1969-жылы "Жеке бул саясий" деген аталыштагы эссесин жарыялоо менен популярдуу болгон жана экинчи толкун феминизмдин, радикалдык феминизмдин, аялдарды изилдөөнүн же жалпысынан феминизмдин аныктоочу мүнөздөмөсү катары сүрөттөлгөн[1].

Келип чыгышы жана мааниси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Жеке - бул саясий" деген сөз айкашы 1960-жылдардын аягында студенттик кыймылда жана феминизмдин экинчи толкунунда пайда болгон. Ал жеке тажрыйба менен ири коомдук жана саясий структуралардын ортосундагы байланыштарды баса белгилеген. 1960 жана 1970-жылдардагы феминисттик кыймылдын контекстинде, бул нуклеардык үй-бүлөгө жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга чакырык таштаган[2].

Аялдардын үй кожойкеси жана үйдөгү эне катары өз ролдорунан бактысыз болушу жеке маселе катары каралчу; бирок, "жеке - бул саясий" аялдардын жеке маселелери (мисалы, секс, балага кам көрүү жана аялдардын үйдөгү жашоосуна ыраазы болбоо идеясы) өзгөрүүлөрдү жаратуу үчүн саясий кийлигишүүнү талап кылган саясий маселелер экенин баса белгилейт. Мындан тышкары, ураан аялдардын улутуна, расасына, классына, маданиятына, үй-бүлөлүк абалына, сексуалдык абалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан трансценденттүү иденттүүлүккө ээ деген түшүнүккө кайрылып, адамдарды саясий көз караштан жеке тажрыйбалары жөнүндө ойлонууга үндөйт[3].

Betty Friedan[en], экинчи толкун феминизмдин өкүлү.

Феминизмдин экинчи толкуну феминисттик маселелерди саясий активист ой жүгүртүүнүн үстүнө алып келген толкун болгону үчүн бул ураанды кабыл алды. Аялдар патриархалдык тузакка баш ийбеген өз жашоосуна жана тандоосуна ээлик кылыш үчүн үйдөгү ролдорун таштай башташкан. Бул үй-бүлөлөрдүн динамикасын өзгөрттү, анда эркектер толугу менен үй башчысы жана аял кынтыксыз баш ийүүчү жубай жана эне деген идеялар алсарый баштады.

Бул сөз айкашы 1969-жылы феминист Кэрол Хаништин 1970-жылы "Жеке бул саясий" деген аталыштагы эссесин жарыялоо менен популярдуу болгон[4], бирок ал сөз айкашынын авторлугун четке кагат, анын айтымында "...бул Notes from the Second Year редакторлору Шули Файрстоун жана Энн Коедт тарабынан жазылган ...»[5]. Керри Берчтин айтымында, Шуламит Файрстоун, Робин Морган жана башка феминисттер дагы бул сөз айкашынын авторлугунан баш тартышкан. "...алар миллиондогон аялдарды коомдук жана жеке сүйлөшүүлөрдө фразанын жамааттык авторлору катары аташат", - деп жазат Бурч[6]. Глория Штайнем бул сөз айкашынын автордугун талап кылууну "Экинчи дүйнөлүк согуш" сөз айкашынын автордугун ырастоо менен салыштырды[6].

Бул ураан экинчи толкун феминизмдин, радикалдык феминизмдин, аялдарды изилдөөнүн же жалпысынан феминизмдин аныктоочу мүнөздөмөсү катары сүрөттөлөт.[7][8]

Кэрол Хаништин эссеси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нью-Йорктун радикал аялдарынын мүчөсү жана аялдардын боштондук кыймылынын көрүнүктүү ишмери Кэрол Ханиш 1969-жылдын бирдин айында Флорида штатынын Гейнсвилл шаарында аң-сезимди көтөрүү топторунун саясий маанилүүлүгүн белгилеген макаланы даярдаган[9]. Ханиш секс, сырткы көрүнүш, бойдон алдыруу, балага кам көрүү жана үй эмгегин бөлүштүрүү бул ар бирөөнүн жеке маселеси деген ойду четке кагууга аракет кылган. Ушул жана башка маселелерге каршы туруу үчүн ал аялдарды өзүн-өзү күнөөлөгөндөн арылууга, өз жагдайларын бири-бири менен талкуулоого жана коомдогу эркектердин үстөмдүгүнө каршы жамааттык уюмдашууга үндөгөн[9]. Хаништин негизги жүйөөсү: аялдардын "терапиялык" топторун кээ бир сынчылар айткандай "саясий эмес" деп четке кагуунун кереги жок, тескерисинче, алар терең саясий мүнөзгө ээ, анткени алар жашоого таасир тийгизген көйгөйлөрдү талкуулап жатышат. Ал бул көйгөйлөр жеке аялдардын маселеси эмес, бул көйгөйлөр биз жашаган эзүүчү системанын жыйынтыгы жана ошого жараша чечилиши керек деп баса белгилейт[5]. Ханиш эссесинде «жеке - бул саясий» деген сөз айкашын колдонгон жок, бирок мындай деп жазат:[9]

Бул топтордо биз көргөн эң биринчи нерселердин бири - бул жеке көйгөйлөрдүн саясий көйгөй болгону. Учурда жеке чечимдер жок. Коллективдуу чечим учун коллективдуу аракет гана керек.

Эссе " Жеке - бул саясий" деген аталыш менен "Notes from the Second Year: Women's Liberation in 1970" китебинде басылып чыккан. Ханиш китептин редакторлору Шуламит Файерстоун[en] менен Энн Коэдт[en] эссеге атактуу наам берген деп эсептейт[9]. Андан кийин "Радикалдык феминизм: даректүү окурман" китебинде кайра басылып чыккан[10].

Көптөгөн маанилер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жеке бул саясий

Бул сөз айкашы 1960-жылдары биринчи жолу чыккандан бери бир катар маанилерде колдонулуп келет. Бул феминисттердин жеке жана саясий ортосундагы байланыштын табиятын ар кандай жолдор менен чечмелегенин баса белгилейт.

  • Феминизмдин экинчи толкунунда пайда болгон чечмелөө, аялдарды жеке чөйрөгө чектөө бул саясий маселе. Кээ бир феминисттер үйдү кысымга алуу жайы катары көрүшөт, анткени аялдардын үй кожойкесинин ролун аткаруудан башка аргасы жок[11]. Аялдардан күтүлгөн бул ролдор жана нормалар (мисалы, аялдык; эне; колдоочу аялдар) социалдашуу процессинде пайда болот. Мисалы, жаш кыздарга көбүнчө ымыркай куклалар жана тамак-аш комплекттери оюнчук катары берилет, бул алардын ролун эне болуу жана үй милдеттерин аткарууга үйрөтөт. Ошондуктан, кээ бир феминисттердин пикири боюнча, аялдардын үйдөгү ролу жана гендердик нормалар жекенин саясатталышын баса белгилейт, анткени бул гендердик саясаттын жана коомдун патриархалдык түзүлүшүнүн аялдардын жашоосунда кандай кесепеттерге алып келгенин көрсөтөт.
  • Аялдардын жеке тажрыйбасы көп учурда орток болот. Мисалы, бойдон алдыруу – бул бардык класстардагы жана тектеги аялдарды бириктирген маселе, бул алардын жеке тажрыйбасы жамааттык болушу мүмкүн экендигин көрсөтөт[12]. Аялдар ортосунда бөлүшүлгөн жеке тажрыйбалар аларды саясий абалга алып келет, анткени алар патриархалдык жана гендердик саясат себеп болгон социалдык шарттардан келип чыгат[13]. Хайди Хартманын айтымында, "Радикалдык феминисттердин айтып чыккан аялдардын нааразычылыгы, бул ылайыкташа албаган адамдардын невротикалык ыйы эмес, бул аялдар системалуу түрдө эксплуатацияланган жана эзилген коомдук түзүлүшкө жооп болуп саналат"[14]. Ошентип, кээ бир феминисттер экөөнүн ортосундагы чекти жоюп, аялдардын жамааттык тажрыйбасына наадандык аркылуу зулумдук кылуудан качуу үчүн жекени саясий деп жарыялоого чакырышат[15].
  • Саясат коомдук чөйрөдө гана болот деп ишенүү жеке күрөштөрдү эсепке албай аялдарды бул процесстерден четтетүүгө алып келет.
  • Саясат - бул жеке дагы коомдук чөйрөгө дагы таасир эткен күч, бийлик. Анткени жеке чөйрөгө таасир этүүчү маселелер (мисалы, бекер контрацепция; тең акы) коомдук чөйрөгө да таандык. Жөнөкөй сөз менен айтканда, жеке маселелер мыйзамдарды чыгаруу жана аларды аткаруудан түздөн түз көз каранды. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулук маселесин жеке иш деп алганда, мыйзамдуу кийлигишүү сыяктуу коомдук саясий аренадан четте калат[16].
  1. Lee, Theresa Man Ling (2007). "Rethinking the Personal and the Political: Feminist Activism and Civic Engagement". Hypatia 22 (4): 163–179. ISSN 0887-5367. https://www.jstor.org/stable/4640110. 
  2. Angela Harutyunyan, Kathrin Hörschelmann, Malcolm Miles (2009) Public Spheres After Socialism pp. 50–1.
  3. Geoghegan, Vincent; Wilford, Rick (2014). Political Ideologies: An Introduction (4th ed.). London: Routledge. pp. 179–208. 
  4. Smith, Dale M. (2012-01-15). Poets Beyond the Barricade: Rhetoric, Citizenship, and Dissent after 1960. University of Alabama Press. pp. 153–. ISBN 9780817317492. Retrieved August 1, 2012. 
  5. 5.0 5.1 The Personal is Political.
  6. 6.0 6.1 Burch, Kerry T. (2012). Democratic transformations: Eight conflicts in the negotiation of American identity. London: Continuum. p. 139. ISBN 9781441112132. 
  7. "The great thrust of radical feminist writing has been directed to the documentation of the slogan 'the personal is political.'" McCann, Carole; Seung-Kyung Kim (2013). Feminist theory reader: Local and global perspectives. London: Routledge. p. 191. 
  8. "At the heart of Women's Studies and framing the perspective from which it proceeds was the critical insight that 'the personal is political.'" Ginsberg, Alice E (2008). The evolution of American women's studies: reflections on triumphs, controversies, and changeFree registration required. New York: Palgrave Macmillan. p. 69. ISBN 9780230605794. 
  9. 9.0 9.1 9.2 9.3 CarolHanisch The Personal Is Political: The Women's Liberation Movement classic with a new explanatory introduction (January 2006).
  10. Radical feminism: A documentary reader. Barbara A. Crow (ed.). New York: NYU Press. 2000. pp. 113–117. ISBN 978-0814715550. 
  11. Bernard, Jessie; Friedan, Betty (August 1963). "The Feminine Mystique". Marriage and Family Living. 25 (3): 381. doi:10.2307/349095. ISSN 0885-7059. JSTOR 349095.
  12. Hannam, June (2013-08-21). Feminism. doi:10.4324/9781315836089. ISBN 9781317869818. 
  13. Budgeon, Shelley (February 2001). "Emergent Feminist(?) Identities". European Journal of Women's Studies. 8 (1): 7–28. doi:10.1177/135050680100800102. ISSN 1350-5068. S2CID 144417832.
  14. Hartmann, Heidi (1997). "The unhappy marriage of Marxism and feminism: Towards a more progressive union". In Linda J. Nicholson. The Second Wave: A Reader in Feminist Theory. New York: Routledge. p. 100. ISBN 9780415917612. 
  15. Schuster, Julia (2017-02-03). "Why the personal remained political: comparing second and third wave perspectives on everyday feminism". Social Movement Studies. 16 (6): 647–659. doi:10.1080/14742837.2017.1285223.
  16. (Squires, 2004)

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]