Жер уюлдарынын кыймылы

Википедия дан

Жер уюлдарынын кыймылыЖер бети боюнча географиялык уюлдардын жылышы. Ал кыймыл Жердин түзүлүшүнүн ар түрдүүлүгүнө, ошондой эле метеорологиялык кубулуштардын (атмосфералык массалардын, океан суусунун, литосферанын серпилгичтик жана илээшкектик касиеттеринин таасиринин жана башка) мезгилдүүлүгүнөн пайда болгон Жердин айлануу огунун абалынын өзгөрүүсүнө байланыштуу. Жер уюлдарынын кыймылын Жердин айлануусунун касиети катары божомолдоону алгач 1687-ж. Исаак Ньютон белгилеген. Бул кубулуштун матем. теориясын Леонард Эйлер (1790) өнүктүрүп, жүз жылдан кийин жер бетиндеги пункттардын (орундардын) чыныгы өзгөрүшү, жер уюлдарынын кыймылын үйрөнүү мүмкүндүгү далилденген. Жер уюлдарынын кыймылын билүүнүн астрономияда, геодезияда мааниси чоң, анткени жер бетиндеги чекиттин координаталары жана жердеги нерселердин азимуттары үзгүлтүксүз өзгөрүп турат. Булар астрологиялык жана геодезиялык өлчөөлөрдүн натыйжасына таасирин тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1